Депутат Бекмурза Эргешов Сот иштери боюнча кеңештин курамына кирди

Жогорку Кеңеш Загрузка... 29 Январь 2026 16:06
3116819.4fe7e587df8.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов Кыргыз Республикасынын Сот иштери боюнча кеңешинин курамына кирди.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасы Болот Борбиев белгилегендей, Сот иштери боюнча кеңешке депутаттардын ичинен бир талапкерди тандоо зарыл болчу.

Комитет бул кызматка Бекмурза Эргешов менен Кубанычбек Самаковдун талапкерлигин сунуштаган.

Жашыруун добуш берүүгө 77 депутат катышты. Анын жыйынтыгында Кубанычбек Самаковго — 22, Бекмурза Эргешовго — 52 депутат добуш берип, 3 депутат баарына каршы болду. Ошентип, көпчүлүк добуш менен Бекмурза Эргешов Сот иштери боюнча кеңештин мүчөсү болуп шайланды.