Диагноздун тактыгы жогорулайт: Кыргызстанга заманбап микроскоптор келди

Ден соолук Загрузка... 31 Май 2026 23:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 31.05.26 /Кабар/. Республикалык патологоанатомиялык бюро жана Улуттук онкология жана гематология борбору үчүн жалпы баасы 750 миң сомду түзгөн төрт заманбап микроскоп берилди.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, заманбап жабдуулар президенттин фондунун каражаттарынын эсебинен сатып алынды.

Диагностикалык базаны жаңылоо алкагында үч микроскоп Республикалык патологоанатомиялык бюрого, дагы бирөө онкологиялык оорулардын морфологиялык диагностикасы жүргүзүлгөн Улуттук онкология жана гематология борборунун лабораториясына берилди.

Республикалык патологоанатомиялык бюронун директору Валентина Пахмандын айтымында, жаңы жабдуулар изилдөөлөрдүн сапатын кыйла жакшыртып, кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

"Кызматыбызды колдоп бергендиги үчүн президент Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдиребиз. Патологоанатом үчүн микроскоп негизги жумуш куралы болуп саналат. Диагностиканын тактыгы түздөн-түз анын сапатына көз каранды. Оптика канчалык сапаттуу болсо, адис изилденип жаткан материалды ошончолук так көрүп, диагнозду ишенимдүү коё алат", — деди Валентина Пахман.

Республикалык патологоанатомиялык бюронун адистери жыл сайын Бишкек шаарындагы медициналык уюмдардан келип түшкөн 45 миңге чейин биопсиялык жана операциялык материалдарды изилдешет. Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктары диагноз коюуда жана бейтаптарды андан ары дарылоо тактикасын аныктоодо маанилүү болуп саналат.

Мекеме жетекчисинин белгилешинче, жаңы жабдуулардын өзгөчө артыкчылыгы алардын санариптик мүмкүнчүлүктөрүндө. Жогорку сапаттагы оптикадан тышкары, микроскоптор компьютерге туташтырууга мүмкүн болгон заманбап фото жана видеокамералар менен жабдылган.

"Бул биз үчүн чоң кадам. Эми биз микроскоп аркылуу гана изилдөө жүргүзбөстөн, сүрөттү мониторго чыгарып, клиникалык-анатомиялык конференцияларда көрсөтүп, окутуу процессинде пайдаланып, башка аймактардагы жана өлкөлөрдөгү адистер менен аралыктан консультация жүргүзө алабыз. Мындан тышкары, сейрек кездешүүчү жана татаал клиникалык учурлардын санариптик архивин түзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду", — деп белгиледи Валентина Пахман.

Анын айтымында, мындай технологияларды киргизүү телемедицинаны өнүктүрүүгө жана медициналык уюмдардын ортосундагы кесиптик кызматташуунун сапатын жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Ошондой эле бюронун жетекчиси жаңы жабдуулардын кызматкерлер үчүн да маанисин өзгөчө белгиледи.

"Дарыгерлерибиз күн сайын микроскоптун алдында көп сааттарын өткөрүшөт. Кээде дээрлик бүтүндөй жумуш күнү препараттарды изилдөө менен өтөт. Ошондуктан микроскоптун сапаты диагностиканын тактыгына гана эмес, кызматкерлердин иштөө ыңгайлуулугуна жана көрүүсүн сактоого дагы түздөн-түз таасир этет", — деди ал.

Республикалык патологоанатомиялык бюродо белгилешкендей, мекеменин ишмердүүлүгү биринчи кезекте тирүү бейтаптарга жардам көрсөтүүгө багытталган. Дал ушул жерде биопсиялык жана операциялык материалдар изилденип, дарыгерлерге диагнозду өз убагында тактоого жана дарылоо тактикасын аныктоого көмөк көрсөтүлөт.

Берилген микроскоптор бүгүнкү күндө Республикалык патологоанатомиялык бюронун жана Улуттук онкология жана гематология борборунун адистери тарабынан күнүмдүк иштеринде активдүү колдонулууда.

Адистердин айтымында, жаңы жабдуулар пайдаланууга берилген алгачкы күндөрдөн тартып эле чоң суроо-талапка ээ болуп, калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын мындан ары жогорулатууга олуттуу салым кошот.