Бишкек, 31.05.26 /Кабар/. 2025-жылы Онкология жана гематология борборуна бюджеттен бөлүнгөн 300 млн сомдон ашык каражат өздөштүрүлбөй, казынага артка кайтарылыптыр. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, каражаттын өздөштүрүлбөй калышы боюнча иликтөө жүргүзүлдү, жакында жыйынтыгы жарыяланып, чечим кабыл алынат.
“Ошол учурда медициналык мекемени жетектегендердин аракетине баа берилет”, - деди Улан Маматканов.
Белгилей кетсек, жакында эле минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Онкология борборуна күтүүсүз текшерүү менен барган. Анда медициналык жайда жабдыктардын тартыштыгы, дарыгерлерге түзүлбөгөн шарттар сыяктуу бир нече көйгөйлөр бар экени белгилүү болгон. Инспекция маалында Онкология борборунун жетекчилиги каражаттын тартыштыгынан улам маселелер чечилбей жатканын айткан эле.
Бирок былтыр бюджеттен бөлүнгөн 300 млн сом өздөштүрүлбөгөнү ачыкка чыгууда.
Минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун айтымында, учурда ошол каражат кайра бөлүнүп жатат.
“Кезинде бул акча керектүү жакка жумшалганда, көйгөй азыркыдай курч болмок эмес”, - деди Маматканов.