Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга салым кошкондор сыйланды

Коом Загрузка... 21 Май 2026 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 30 жылдыгына карата өлкөнүн руханий потенциалына, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга салым кошкондор мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.

Ошондой эле аларга министрлер кабинетинин төрагасынын алкыш баракчалары ыйгарылды.

Сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды.

Төмөнкүлөр сыйланышты:

"Даңк" ордени менен:

  • Закиров Абдулазиз Назирбекович – Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи;
  • Ракиев Замир Шейшенбекович – Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы;

"Ардак" медалы менен:

  • Ахунбаев Ырысбай Мустапаевич – диний ишмер, "Көлмө медресе" диний окуу жайынын директору, Бишкек шаары;
  • Ибраев Марс Каипович – Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү;
  • Таштанов Жеенбек Жумабаевич – Жусуп Баласагын атындагы Ислам диний уюмунун негиздөөчүсү;
  • Туяков Сражидин Рахманкулович – диний ишмер, "Абдуллах ибну Масъуд атындагы медресе" мекемесинин мугалими, Бишкек шаары.

Белгилей кетсек, бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Улуттук иденттүүлүк жана руханий баалуулуктар боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.