Дүйнө жана Азия чемпионаттары: Былтыр кыргыз спортчулары 267 алтын медаль уткан

Спорт Загрузка... 24 Февраль 2026 12:30
603971003_3668926623250510_6288157131442079636_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстандын спортчулары дүйнө жана Азиянын ареналарында бир катар олуттуу ийгиликтерге жетишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясында белгилүү болду.

Агенттиктин директорунун орун басары Улан Кыдырбаевдин айтымында, спортчулар жалпысынан 846 медаль утушкан. Анын ичинен 267 – алтын, 234 – күмүш жана 345 – коло медаль. Ошондой эле алар командалык мелдештерде бир катар байгелүү орундарды багындырышкан.

“Өткөн жылдарга салыштырмалуу медалдардын жалпы көрсөткүчү 18%га жогорулаганын белгилегим келет. Бул спортчулардын кесипкөйлүгү жогорулаганын, алардын аракетин жана өлкөбүздүн спорттук потенциалы өсүп жаткандыгын айгинелеп турат”,-деди орун басар.

Ошондой эле ал белгилегендей, жыл ичинде улуттук курама командалар 230 мелдешке катышкан. Спортчулардын даярдыгын жогорулатуу максатында 147 окуу-машыгуу жыйындары уюштурулган. Алардын 37си эл аралык деңгээлде болгон. Андан сырткары, 166 республикалык жана аймактык деңгээлдеги спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн.