Бишкек, 25.03.26 /Кабар/. 2025-жылы дүйнө жүзүндөгү шаарлардын болгону 14 пайызы гана абанын сапаты боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилеген талаптарга жооп бере алды. Бул тууралуу абанын булганышын изилдеген швейцариялык IQAir компаниясынын жылдык баяндамасына таянып, Интерфакс билдирди.
Маалыматка ылайык, абадагы PM2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн жылдык орточо деңгээли 1 куб метрине 5 микрограммдан ашпоого тийиш. Бирок бул талапка дүйнө шаарларынын аз бөлүгү гана жооп берген. Белгилей кетсек, 2024-жылы мындай көрсөткүч 17 пайызды түзгөн.
Изилдөөдө 143 өлкөдөгү 9,5 миңге жакын шаардын маалыматтары каралган. Натыйжада 13 өлкөнүн гана абасынын сапаты талапка жооп берери аныкталган. Алардын катарына Австралия, Исландия, Эстония жана башка аймактар кирет.
Абасы эң таза шаар катары АКШдагы Ньювудвилл белгиленген. Ал эми абасы эң булганган өлкөлөрдүн катарына Индия, Бангладеш, Тажикстан, Чад жана Конго Демократиялык Республикасы кирген.
Мындан тышкары, дүйнөдөгү эң булганган 25 шаардын баары Индия, Кытай жана Пакистанда жайгашкан. Индиядагы Лони шаары эң булганган шаар деп табылып, анда зыяндуу бөлүкчөлөрдүн деңгээли ДССУ сунуштаган чектен 22 эсеге жогору экени аныкталган.
PM2.5 — бул күйүүчү майларды жагуудан пайда болгон өтө майда бөлүкчөлөр. Алар өпкө аркылуу канга өтүп, адам организмине олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Адистер бул бөлүкчөлөр кант диабети, рак жана башка оорулардын пайда болушуна байланыштуу экенин белгилешет.