Ташкент, 24.02.26. /Кабар/. 2040-жылга карата Борбор Азиянын калкы 96 миллион адамдан ашышы мүмкүн. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов билдирди, деп маалымдайт өзбек ЖМКлары.
Анын айтымында, калктын өсүшү экономиканын өнүгүшүнө түрткү берет. Ошол эле учурда инфраструктурага жүк көбөйөт. Аймакта энергияны үнөмдөө, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу жана транспорттук байланыштарды жакшыртуу зарыл.
Божомолдор боюнча, 2028-жылга чейин жыл сайын 5–12 куб чакырым көлөмүндө суу тартыш болушу мүмкүн. Мындан тышкары, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу соода чыгымдарын 20–40 пайызга чейин жогорулатууда.
ЕАӨБ транспорттук коридорлорду өнүктүрүү аркылуу логистиканы жакшыртууну сунуштоодо. 2026-жылы Борбор Азиядагы беш өлкөнүн экономикасы 600 миллиард долларга жетиши мүмкүн.