Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында кыргыз Эл артисти, диктор Бактыбек Мамытовдун 75 жылдык эскерүү кечеси болуп өттү.
Эскерүү кечеге мамлекеттик катчы Арсан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Кайрат Иманалиев, УТРКнын башкы директору Улан Сатиев, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери, эфирде эчендеген көрсөтүүлөрдү чогуу алып барган кесиптеши Гүлшан Молдоева катышты.

Кечеге катышкандар Бактыбек Мамытов диктордук кесиптин өтөөсүнө чыгып, бүтүндөй кыргыз журтчулугунун зор сүйүүсүнө татып, алып баруучулук кесиптин жогорку үлгүсүн көрсөтүп кеткендигин белгилешти. Бактыбек Мамытов ички интеллекти бийик, уккулуктуу тембри жана так дикциясы менен айырмаланып, эфир маданиятын жогорку чекке жеткирген инсан эле. Ал диктордук кесибин өмүр бою ардактап сүйгөн, ар бир эфирине жоопкерчиликтүү мамиле жасап, текстти аябай электен өткөрүп, чоң даярдык менен эл алдына чыккан эмгекчил адам болгон.
Эл Бактыбек Мамытовду зарыга күтүп көрүшчү. Бактыбек Мамытовдун ар бир берүүсү кыргыз жергесинин булуң-бурчундагы көрөрмандарынын сүйүп көргөн көрсөтүүсүнө айланган. Адамгерчилиги, интеллектиси, мукам үнү, ар бир тамганы жаздым кетирбей так жана даана окуп сүйлөп, эфир үчүн жаралган сүйкүмдүү жүзү, келишимдүү келбети менен элдин жүрөгүнүн төрүнөн орун алган.

Ушак-айың жана чыр-чатактан, саясат менен мансаптан алыс Бактыбек Мамытовду кесиптештери абдан урматташчу. Бала чагынан көркөм адабиятты кастарлаган Бактыбек Мамытов ыр жазуу менен алектенип, бир катар чыгармаларды жараткан. Анын калеминен жаралган ырларга обондор жаралып, угармандарынын сүйүктүү чыгармаларына айланган. Кечеде диктор колу бошой калган сааттарда жазган чыгармаларын Майрамбек Осмонов менен Токтобек Асаналиев көрүүчүлөргө тартуулашты.
51 жыл диктор катары иштеп, ак эмгегинен баар тапкан Бактыбек Мамытов 2022-жылы, 20-майда, 72 жашында акырет сапар аттанган. Кыргыз элинин сүйүктүү уулунун элеси эч качан унутта калбайт.