Экономика кандай болсо, армия да ошондой: Чотбаев Куралдуу күчтөрдүн өнүгүү жолун баалады

Коом Загрузка... 23 Февраль 2026 17:40
WhatsApp Image 2026-02-23 at 17.29.29.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Кыргызстандын экономикасы кандай болсо, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн абалы да ошондой болду. Бул тууралуу генерал-полковник Абдыгул Чотбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн Куралдуу күчтөрү түзүлгөндөн тартып көптөгөн кыйынчылыктарды башынан кечирди. Айлык акы өз убагында берилбей, тамак-аш жетишсиз болгон кезеңдерде да аскер кызматчылары кызматты таштабай, чыдамкайлык менен иштешкендигин белгиледи.

“Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 1992-жылдын 29-майында президенттин жарлыгы менен негизделген. Көп кыйынчылыктар болсо да, учурдагы Куралдуу күчтөрдүн бутуна турган шарты мени кубандырат. Акыркы 3-4 жылдан бери президент Садыр Жапаров тарабынан Куралдуу күчтөргө абдан жакшы көңүл бурулуп жатат. Мурда техника, курал-жарактарды жана ок-дарыларды башка өлкөлөрдөн жардам катары алып келчүбүз. Ал эми акыркы 2-3 жылдан бери Кыргызстан өзүнүн бюджетинен аскер техникаларын сатып алып жатканы — чоң жетишкендик”, — деди Чотбаев.

Генерал-полковник өлкөдөгү ар бир мекеме жана күч түзүмдөрү өз милдеттерин так аткарышы керектигине токтолду:

“Өлкөдөгү ар бир мекеме өз милдетин аткарышы керек. Мисалы, Коргоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Чек ара кызматынын ар биринин өз багыты бар. Алсак, президенттин Тергөө комитетин түзүү боюнча аракети жөн жерден чыккан жок. Акыркы жылдары биз көрүп тургандай, УКМКнын ишмердүүлүгүн айрымдар мактаса, айрымдары сындап жатты. Менин оюмча, УКМК өтө майда иштерге чейин кирип кетти. Негизи УКМКнын өзүнүн чоң стратегиялык иштери бар, алар ошол багытта иштеши керек.

Советтер Союзу учурунда Мамлекеттик коопсуздук комитети (МКК) деген болгон. Биз алардын иштегенин көрчү да, укчу да эмеспиз. Алардын ачык жарыяланбаган чалгындоо, контрчалгындоо сыяктуу маанилүү иштери бар эле. Терроризм жана бандитизмге каршы күрөшүшчү. Мисалы, он чакты киши жолугуп калсак, арабызда ошол комитеттин кызматкери болушу мүмкүн эле, бирок ал ким экенин эч ким билчү эмес. Алар биз жөнүндө бардыгын: эмне иш кылып жатабыз, эмнени сүйлөп, эмнени ойлойбуз — баарын 5-6 кадам алдыга билип турушчу. Ал эми бүгүнкү күндө УКМК чарбалык иштерге, участкалык милиционердин милдетине чейин киришип жатты. Менин оюмча, бул туура эмес. Ошондуктан президентибиздин Тергөө комитетин түзүү боюнча кадамы абдан туура болду”, — дейт ал.