Эксперт: Кыргызстанда күч түзүмдөрүн реформалоо укук коргоо органдарын ачык-айкын кылууга өбөлгө түзөт

Коом Загрузка... 05 Март 2026 22:10

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын күч түзүмдөрүн реформалоо укук коргоо органдарынын ишин ачык-айкын кылууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу укук коргоо тармагы боюнча грузиялык эксперт Георгий Хизанишвили билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров тармакта реформа жүргүзүү зарылдыгын жана анын эл үчүн маанилүүлүгүн терең түшүнүп жатат. Укук коргоо органдарындагы реформалар бийликтин бир гана министрликке топтолуп калышына жол бербейт.

“Бул — азыркы учурда абдан керектүү жана өз убагында жасалып жаткан кадам. Өз кезегинде бул иштер укук коргоо органдарын ачык-айкын жана адилеттүү кылып, Тергөө органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатат жана ички атаандаштык жоюлат. Коррупция менен күрөшүүдө жакшы жыйынтыктарын көрсөтөт. Ошондой эле оң жыйынтыктарга жетишүү үчүн Көз карандысыз экспертиза борборун түзүү керек. Андай борбор азыр Грузияда иштеп жатат. Бул түздөн-түз президентке караштуу болуш керек. Заманбап экспертиза борборунун болуусу коррупция менен эффективдүү күрөшүүгө жол ачат жана укук коргоо органдарына болгон ишенимди жогорулатат", —деди ал.