16-июнь саат 10:30да түз эфирде "Элден собол" берүүсү болот.
Тема: Жер мунапысы: Бишкекте канча үй мыйзамдаштырылды?
Суроолорго Бишкек мэриясынын жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директорунун орун басары Чынгыз Кемелбеков жооп берет.
Эгер сизде Бишкек шаарындагы жер мунапысына байланыштуу сурооңуз болсо комментарийге калтырыңыз. Биз түз эфирде жооп алып беребиз.
Эфир “Кабар” маалымат агенттигинин ютуб жана фейсбук баракчаларында көрсөтүлөт.