Элвира Сурабалдиева парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетин жетектейт

Жогорку Кеңеш Загрузка... 19 Февраль 2026 16:32
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасын шайлоо маселеси каралды.

«Адилет Кыргызстан» жана «Элдик» депутаттык топтору аталган кызмат ордуна депутат Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин көрсөтүштү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.

Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.