Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарында ушул жылдын 1-июлунан тартып жеңилдетилген дары-дармектерди берүү тутуму өзгөрөт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.
Жаңы эрежеге ылайык, борбор калаада Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Кошумча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча каралган арзандатылган дары-дармектер мындан ары "Кыргызфармация" ишканасынын "Эл Аман" мамлекеттик дарыкана тармактары аркылуу гана бериле баштайт.
"Бул пилоттук долбоор 2026-жылдын 31-декабрына чейин созулат. Камсыздандырылган жарандар электрондук рецепт аркылуу дарыларды 50 пайызга чейинки арзандатуу менен сатып ала алышат", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми төмөнкү беш категориядагы оорусу бар бейтаптарга дары-дармектер 90 пайыздык арзандатуу менен берилет:
- бронх астмасы;
- параноиддик шизофрения;
- ар кандай аффективдүү бузулуулар;
- эпилепсия;
- онкологиялык оорулардын терминалдык стадиясы.
Жеткиликтүү дарылардын толук тизмесин үй-бүлөлүк дарыгерлерден же ММК фондунун расмий сайтынан билүүгө болот.