Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда өтүп жаткан "Жибек жолу" саламаттык сактоо форумуна катышууда.
Ведомстводон маалымдашкандай, форумдун алкагында Кадыралиев баяндама жасап, өлкөдөгү медициналык реформалар тууралуу айтып берди.
"Заманбап саламаттык сактоо тармагы имараттардын же жабдуулардын саны менен эмес, инсульт, инфаркт же башка шашылыш абалга кабылган бейтаптын адистерге канчалык тез жеткендиги менен бааланат. Дал ушул себептен Кыргызстан бейтаптарды багыттоонун бирдиктүү тутумун өнүктүрүүдө", - деди ал.
Ошондой эле министрдин орун басары СУАРдын генетика, жугуштуу оорулар боюнча алдыңкы медициналык мекемелеринин жана симуляциялык борборунун иши менен таанышты. Анда коомдук саламаттык сактоо, илимий изилдөөлөр жана медициналык адистердин тажрыйба алмашуусу боюнча өнөктөштүктү кеңейтүүнү талкууланды.
Иш-чаранын алкагында "Кытай – Борбор Азия" бирдиктүү борбордук дары-дармек платформасын ишке киргизүү маселеси каралган тегерек үстөл өттү.
Иш сапардын соңунда СУАРдын Партиялык комитетинин жана өкмөтүнүн жетекчилиги менен өз ара мамилелерди бекемдөө боюнча маанилүү жолугушуулар өткөрүлдү.