Энергетикадагы модернизация: тармак жаңыланып, кубаттуулук өсүүдө

Экономика Загрузка... 21 Апрель 2026 17:40
WhatsApp Image 2026-04-21 at 18.03.41.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Жаңы тарифтик саясат энергетика тармагын өзүн-өзү камсыздаган жана өнүгүүгө багытталган тармакка айлантууда. Анын негизинде тармак жаңыланып, жабдуулары жакшыртылып, заманбап нукта өнүгүп жатат. Мындан тышкары, өлкөнүн экономикалык коопсуздугу бекемделип, келечек муундар үчүн туруктуу энергетикалык система түзүлүүдө.

Модернизациянын жыйынтыктары

Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында ишке ашырылып жаткан реформалар жыйынтыгын бере баштаганы байкалат. Атап айтканда, тарифтик саясаттын кайра каралышы энергетикага ири инвестициялардын келишине шарт түзүп, тармакты жаңылоого жана өнүктүрүүгө багытталган маанилүү стратегиялык кадамга айланууда.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, былтыркы жылы тармакты модернизациялоонун алкагында 74 күч трансформатору алмаштырылып, системага кошумча 690 МВА кубаттуулук кошулган. Ошондой эле 645 трансформатордук пункт жаңыланып, 910 чакырымдан ашык аба чубалгалары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Тармактагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жоготууларды азайтуу максатында 500 миңге жакын санариптик эсептегич орнотулду.

Кыргызстан улуттук электр тармагынын маалыматына ылайык, өткөн жылы өндүрүштүк жабдууларды жаңылоого жана капиталдык оңдоого олуттуу каражаттар бөлүнүп, натыйжада авариялык учурлар азайды.

2026-жылга пландалган иштер

  • Өлкө боюнча 390 миң даана акылдуу эсептегич;
  • 10 даана 110 кВ көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатуу;
  • 248 даана 6–10/0,4 кВ трансформатордук көмөк чордондорду орнотуу жана алмаштыруу;
  • 216 даана жогорку чыңалуудагы (35–500 кВ) жабдууну капиталдык оңдоодон өткөрүү;
  • 564 даана жабдууга техникалык тейлөө жүргүзүү;
  • 927,8 чакырым 35–500 кВ аба чубалгыларын оңдоо;
  • 2398,2 чакырым 10/6–0,4 кВ аба чубалгыларын жаңылоо;
  • 21 321 даана трансформатордук көмөк чордондорду капиталдык оңдоо;
  • 226 чакырым 6–10 кВ линияларды реконструкциялоо;
  • 533 чакырым 0,4 кВ линияларды жаңылоо жана куруу.

Талас жана Чүй облустарында темир-бетон буюмдарын чыгаруучу цехтери ишке киргизилүүдө. Аны менен аталган облустар жана Бишкек шаары электр мамылары жана башка темир-бетон буюмдары менен камсыз болуп, кошумча жумуш орундар түзүлөт.

Тарифтик саясат жана керектөөнүн күн санап өсүшү

Калктын саны көбөйгөн сайын электр энергиясын керектөөчүлөр да өсүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы 3 жылда энергетика тармагына 4192 (8,5%) өндүрүш жана 96 975 (6,4 %) турмуш тиричилик абоненти кошулган. Бул электр энергиясын керектөө 1 353 192 кВт/саатка өскөнүн көрсөтөт. Ошондой эле керектөө 458,1 млн кВт.саатка же 32,5 пайызга өскөн.

2026-жылы дагы кошумча 100 объект ишке киргизилсе, электр энергиясына болгон керектөө дагы да өсөт. Муну камсыз кылуу максатында Кыргызстан улуттук электр тармагы тарабынан оңдоо жана жаңылоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин директору Тимур Орозалиев айтымында, тарифтик саясаттын негизинде өлкөдө электр тармактары жаңыланып, жабдуулар алмаштырылып, гидроагрегаттар жана трансформаторлор модернизацияланып, авариялык өчүрүүлөр азайган.

“Өлкөнүн 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын негизинде былтыркы жылдын 1-майынан тартып калк үчүн электр энергиянын киловатт саатына болгон баасы 26 тыйынга жогорулатылган. 1 сом 11 тыйындан 1 сом 37 тыйынга көтөрүлгөн. Ал күнүмдүк бюджетке оорчулук келтирбей туруп, аз гана кошумча киреше аркылуу энергетика тармагында бир катар жакшыртуулар жана техникалык жетишкендиктерге шарт түздү. Анын аркасы менен энергетика тармагына чоң инвестиция жана модернизациялоо мүмкүнчүлүгүн берди”, - деди ал.

Ошол эле маалда Кыргызстандагы тариф КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу жеткиликтүү бойдон калууда:

  • Казакстан ≈3-5,54 сом
  • Өзбекстан ≈4,31-7,30 сом
  • Тажикстан ≈3,16-3,60 сом
  • Татарстан ≈5 сомдон жогоруу

“Бүгүнкү күндөгү аз өлчөмдөгү кошумча төлөм - эртеңки күнү жарык өчпөгөн, туруктуу жана сапаттуу энергиянын кепилдиги. Тарифтик саясаттагы өзгөрүүлөр өз алдынча максат эмес. Бул - энергетика тармагын жаңылоонун, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун бекемдөөнүн жана келечек муундар үчүн туруктуу системаны түзүүнүн бир бөлүгү”,-деп кошумчалады Тимур Орозалиев.

Генерациялоочу кубаттуулуктар: ири жана чакан ГЭСтер

Министрликтин маалыматына ылайык, стратегиялык ири объектилерде да - Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВттан 1440 МВтка чейин жогорулады, ал эми Ат-Башы ГЭСи 45,6 МВтка чейин жетти. Үч-Коргон ГЭСинде реконструкция иштери уланууда.

Учурда Токтогул ГЭСинде плотинанын “Б” тарабындагы терең суу агызуучу системаны оңдоо иштери дээрлик бүттү. Ал эми Үч-Коргон ГЭСинде машина залындагы көпүрө краны толук жаңыланып, №3 жана №4 гидроагрегаттар, ошондой эле №2 күч трансформатору алмаштырылды.

Андан сырткары, быйыл 80,63 МВт болгон 13 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалууда.

Өндүрүлгөн электр энергиясы жылына болжол менен 348,3 млн кВт саатты түзөт.

Күн мурун Чүй облусунун Сокулук районунда Сокулук-3 жана Туюк чакан ГЭСтери расмий ачылып, ага өлкө башчысы өзү катышты.

Өз сөзүндө президент Садыр Жапаров учурда жалпы өлкө боюнча 50 чакан ГЭС курулуп жаткандыгын белгиледи.

Сокулук-3 ГЭСи Сары-Өзөн айылында жайгашып, орнотулган кубаттуулугу 9,5 МВт түзөт. Туюк ГЭСи Төш-Булак айылында орун алып, кубаттуулугу 5,9 МВт. Каскаддын жалпы орнотулган кубаттуулугу 15,7 МВт болуп, жылдык электр энергиясын өндүрүү көлөмү 60–70 млн кВт∙саатты түзөт.

Белгилей кетсек, 2021-2025-жылга чейин жалпы кубаттуулугу 109,8 МВтты түзгөн 27 чакан ГЭС ишке берилди. Өндүрүлгөн электр энергиясы жылына болжол менен 427 млн кВт. саатты түзөт. Мындан тышкары, 2026-2030-жылдарга чейин жалпы кубаттуулугу 421,26 МВт болгон 48 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда.

Ошондой эле өлкөгө кошумча күч катары “жашыл” энергетиканы өнүктүрүүгө бел байлады. Күн жана шамал электр станциялары курулуп, ишке бериле баштады.

Тармактын алдына койгон максаты - планга ылайык ыкчам иш алып баруу, жакынкы жылдары Кыргызстанды электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөлөрдүн катарына кошуу болуп саналат.