Эрлист Акунбеков: Мөңгүлөрдүн эриши бүткүл Борбор Азия үчүн көйгөй

Министрлер кабинети Загрузка... 26 Май 2026 14:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө мөңгүлөрдүн эриши бир эле өлкөнүн көйгөйү эмес, бүткүл Борбор Азия үчүн көйгөй. Мөңгүлөр болбосо, дарыяларда суу болбойт. Дарыяларда суу болбосо, аймакта жашоо болбойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Тажикстанда "Суу туруктуу өнүгүү үчүн” 2018-2028-жылдардагы эл аралык иш-аракеттердин он жылдыгы боюнча 4-жогорку деңгээлдеги эл аралык конференциянын расмий ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн жалпы аянтынын олуттуу кыскарышы жана жаан-чачындын азайышы суунун деңгээлинин төмөндөшүнө алып келди жана бул бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн социалдык-экономикалык жана экологиялык кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Эрлист Акунбеков Кыргызстандагы суу ресурстарын азыркы жана келечектеги муундардын кызыкчылыгында туруктуу башкарууну камсыз кылуу, ошондой эле БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү максатында 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук суу стратегиясы иштелип чыкканын билдирип, ошондой эле заманбап чакырыктарга ыңгайлашуу зарылдыгын эске алуу менен Кыргызстандын жаңы Суу кодекси кабыл алынганын кошумчалады. 

“Биз 2030-жылга карата алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн прогресстин азыркы темпи жетишсиз болуп жаткандыгын тынчсыздануу менен белгилейбиз. Бул бизден чечкиндүү, макулдашылган жана комплекстүү чараларды талап кылат. Кыргызстан Борбор Азияда уникалдуу географиялык позицияны ээлейт. Биз аймактагы суу ресурстары толугу менен өз аймагында өндүрүлгөн жалгыз өлкөбүз. Ушуга байланыштуу Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына таянып жана региондогу мамлекеттердин сууга болгон муктаждыктарын эске алуу менен Борбор Азиядагы суу-энергетика маселелерин чечүүдө эки тарапка тең пайдалуу позицияны карманарын, мында мамлекеттердин жаратылыш ресурстарын өз алдынча башкаруудагы ажырагыс жана суверендүү укугу принцибин карманып жатканын белгилегим келет”, - деди Акунбеков. 

Ал ошондой эле Кыргызстан суу түзүүчү аймактарды сактоого эбегейсиз каржылык жана адам ресурстарын жумшап жатканын билдирди. 

“Кыргызстан башка өлкөлөрдөн суу албай туруп, өзүнүн суу ресурстарынын 30%ын пайдаланат, калган бөлүгү башка өлкөлөр тарабынан керектелет. Бирок, моюнга алуу керек: бүгүнкү күндө биздин өлкө бул аракеттер үчүн тийиштүү компенсация ала элек. Анын үстүнө, биз ондогон жылдар бою жоголгон пайданын жүгүн, анын ичинде суу сактагычтарды жана инфраструктураны өздөштүрүү үчүн жерлерди алып салуудан улам жоголгон кирешелердин жүгүн тартып келе жатабыз. Кыргызстандын тоолорунда гидротехникалык курулуштарды күтүү жана мөңгүлөрдү сактап калуу эбегейсиз чыгымдарды талап кылат. Акыркы бир жылда эле Кыргызстан суу тармагына болжол менен 80 млн доллар, акыркы беш жылда 259 млн доллар бөлгөн. Мындай аракеттерге карабастан, эскирген инфраструктураны модернизациялоо үчүн өлкөнүн ресурстары гана жетишсиз. Аймак боюнча натыйжалуу жана заманбап суу ресурстарын башкаруу системасын куруу үчүн бизге кошумча, консолидацияланган ресурстар керек”, - деди минкаб төрагасынын орун басары. 

Жакында эле Астанада өткөн Аймактык экологиялык саммитте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров белгилегендей суу-энергетика тармагында өз ара пайдалуу экономикалык компенсациялоо механизмин жаңыртуу жана ишке ашыруу мезгили келгенин айтканын билдирген Эрлист Акунбеков, бүткүл Борбор Азиянын жыргалчылыгы үчүн суу инфраструктурасын эффективдүү кармап турууга мүмкүндүк берүүчү компенсация механизмдерин ишке ашыруу адилеттүү деп эсептерин билдирди.

Ал ошондой эле Борбор Азияда гана эмес, дүйнөнүн башка аймактарында да табигый суу сактагыч жана таза суунун булагы болгон мөңгүлөрдүн тез эриши Кыргызстанда өзгөчө тынчсызданууну жаратып жатканын билдирди. Буга байланыштуу Кыргызстанда тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдыктын алкагында масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеп, 2027-жылы Кыргызстанда “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммити өтөрүн, мөңгүлөрдү коргоону биргелешип талкуулоо жана тоолуу аймактардын туруктуу келечегин камсыздоо үчүн маанилүү окуяга катышууга чакырды. 

Ал мындан тышкары Борбор Азиянын бермети жана дүйнөлүк маанидеги биосфералык аймак болгон Ысык-Көлдүн суусу азайып жатканын, акыркы он жылдыкта суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, ага куйган дарыялардын саны 100дөн 30га чейин кыскарганын билдирди. Буга байланыштуу, эл аралык донорлор жана өнөктөштөр биргелешип көлдү сактоо жана калыбына келтирүү боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгууну жана ишке ашырууну сунуштады. Сөзүнүн жыйынтыгында, конференциядагы биргелешкен иштердин натыйжалары бардыгы үчүн туруктуу жана адилеттүү суу келечегине жетишүүгө маанилүү салым кошот деген ишенимин билдирди. 

“Суу туруктуу өнүгүү үчүн" эл аралык конференциянын катышуучулары аймактык биргелешкен аракет менен суу ресурстары жана климат жаатында чечимдерди издөө тууралуу сөз сүйлөштү. Анда климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу 2050-жылга карата таза суунун камылгасы азаярын, аймактын суу ресурстары мөңгүлөргө жана жалпы климаттын өзгөрүшүнөн көз каранды экенин белгилешип, биргеликте чара көрүүнү белгилешти. Конференция БУУга мүчө мамлекеттердин суу тармагын тескеген делегация башчыларынын, эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, каржы институттардын, дипломатиялык корпустардын жана кызыкдар тараптардын ортосунда маанилүү талкууларды өткөрүүгө өбөлгө түздү.