Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигине заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган 370 даана жаңы кызматтык автоунааларды тапшыруу аземине катышты.
Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев акыркы беш жылдын ичинде президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө терең реформалар жүргүзүлгөнүн белгиледи.
"Айлык акы, пенсия жана социалдык төлөмдөрдү олуттуу көбөйтүү менен бирге мамлекет тарабынан мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын модернизациялоо боюнча системалуу чаралар көрүлүүдө",-деди ал.
Касымалиев белгилегендей, бул мезгил аралыгында ИИМ системасы үчүн 280 жаңы имарат курулуп, дагы 300гө жакын объект реконструкцияланды, бул кызматкерлердин иштөөсү жана жарандарды кабыл алуу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди.