Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигине заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган 370 даана жаңы кызматтык автоунааларды тапшыруу аземине катышты.
Адылбек Касымалиев өздүк курамдын жана иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу мамлекеттин ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизги шарты экенин баса белгиледи.
"Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу жана өлкөнү индустриялаштыруу боюнча масштабдуу милдеттер аныкталган. Бул стратегиялык максаттарга туруктуулук, мыйзамдуулуктун жана коомдогу коопсуздуктун катуу сакталышысыз жетүү мүмкүн эмес", — деп билдирди министрлер кабинетинин башчысы.
Ал белгилегендей, акыркы беш жылдын ичинде президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө терең реформалар жүргүзүлдү. Айлык акыларды, пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдү олуттуу көбөйтүү менен бирге мамлекет тарабынан мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын модернизациялоо боюнча системалуу чаралар көрүлүүдө.
Атап айтканда, бул мезгил аралыгында ИИМ системасы үчүн 280 жаңы имарат курулуп, дагы 300гө жакын объект реконструкцияланды. Бул кызматкерлердин иштөөсү жана жарандарды кабыл алуу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди.
Министрлер кабинетинин башчысы сөзүндө "Коопсуз өлкө" долбоорунун ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурду. Бүгүнкү күндө республиканын көчөлөрүндө, коомдук жайларда жана туристтик объектилеринде 10 миңге жакын видеокөзөмөл камералары иштеп жатат. Долбоордун экинчи этабынын алкагында, 2026-жылдын аягына чейин алардын санын 20 миңге жеткирүү пландаштырылууда.
Ошону менен бирге Адылбек Касымалиев масштабдуу техникалык кайра жабдуу жеке курамдын кесипкөйлүгүнүн жана кызматтык тартибинин өсүшү менен коштолушу керектигине көңүл бурду.
"Заманбап техника кесипкөй жана принципиалдуу кадрлардын колунда болгондо гана жогорку натыйжаларга жетишилет. Милициянын ар бир кызматкери мыйзамды так сактоого, адилеттүүлүктү камсыз кылууга жана өз эмгеги менен жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин бекемдөөгө милдеттүү", — деп белгиледи минкаб төрагасы.
Аягында Адылбек Касымалиев укук коргоо органдарынын кызматкерлерине антка берилгендиги жана жан аябас кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана Кыргызстанда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууда мындан аркы ийгиликтерди каалады.