Эрлист Акунбеков Тажикстандын премьер-министринин орун басары менен жолукту

Министрлер кабинети Загрузка... 26 Май 2026 15:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Тажикстандын премьер-министринин орун басары Сулаймон Зиёзода менен жолукту. 

Минкабдан билдиришкендей, жолугушуу Эрлист Акунбековдун Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында орун алды.

Жолугушууда тараптар өзгөчө үстүбүздөгү жылдын февралында өткөрүлгөн эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи отурумуна көңүл буруп, ал Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун жаңы форматын институтташтыруунун маанилүү этабы экенин белгилешти. Ага байланыштуу жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана алардын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз отчеттуулукту түзүү боюнча эки мамлекеттин тиешелүү органдарынын системалуу иш алып баруусу талап кылынарын кошумчалашты. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстан эң жакын коңшу катары көп жылдар бою маанилүү соода өнөктөш бойдон кала берери белгиленип, бул багытта эки тараптуу сооданы жогорулатуу жана Өкмөттөр аралык кеңештин чечимдерин аткаруу максатында — конкреттүү ишке ашыруучуларды жана мөөнөттөрдү аныктоо менен буга чейин көтөрүлгөн биргелешкен “Жол карта” маселеси каралды. 

Маселен, эки өлкөнүн мамлекет башчылары 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү максатын коюшкан. Кыргызстан текстиль продукцияларын, көмүр, айнек, пластмасса буюмдарын жана айрым айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул багытта Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда өз ара соода үйлөрүн ачуу мүмкүнчүлүгү каралды.

Мындан тышкары, суу-энергетика тармагында пайдалуу жана натыйжалуу кызматташуу багытында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча келечектүү долбоорлор боюнча кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелери сүйлөшүлдү. 

Жолугушуунун жыйынтыгында, буга чейин жетишилген эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар белгиленди.