Эртең, 11:00дө Шератон мейманканасында көчмө маалымат жыйыны өтөт

Бишкектеги иш-чаралар Загрузка... 04 Сентябрь 2025 11:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Эртең, 5-сентябрда саат 11:00дө Шератон мейманканасында көчмө маалымат жыйыны өтөт.

Темасы: “Борбор Азия жана ЕБ өлкөлөрү чек араны башкаруу боюнча кызматташуунун жыйынтыгын чыгарат”

2025-жылдын 5-сентябрында Бишкекте Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Борбор Азиядагы Чек араны башкарууга көмөк көрсөтүү программасынын (БОМКА 10) жыйынтыктары боюнча маалымат жыйыны өтөт.

Пресс-конференция «Шератон» мейманканасында («М-кабат», «Ала-Арча» залы), саат 11:00дө башталат жана чек араны башкаруу жаатындагы көп жылдык кызматташуунун жыйынтыгын чыгаруучу аянтчага айланат.

Конференцияда аймактын беш өлкөсүндө программанын так жыйынтыктары чыгарылат жана мындан аркы өнөктөштүктүн перспективалары белгиленет.

Катышуучулар:

- Ханс Фарнхаммер – Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү;

- Генерал Гунтис Пуятс – БОМКА-10 программасынын координатору, Латвиянын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы.