Эски кезектер сакталат: Бала бакчага каттоо порталы жаңыланды

Коом Загрузка... 05 Июнь 2026 17:55
1625733005_large.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды каттоо жана орундарды бөлүштүрүү үчүн колдонулган "Электрондук кезек" мамлекеттик санариптик тутуму mektep.edu.gov.kg порталынан balalyk.edu.gov.kg порталына көчүрүлдү.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул өзгөртүү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын бирдиктүү санариптик платформага топтоп, ата-энелер үчүн кызматтарды пайдаланууну жеңилдетүүгө багытталган.

Эми баланы бала бакчага каттоо, кезекке туруу, орундардын кыймылын көзөмөлдөө жана башка кызматтарды balalyk.edu.gov.kg порталы аркылуу алуу мүмкүн.

"Буга чейин mektep.edu.gov.kg порталында катталган бардык арыздар жана кезек боюнча маалыматтар толугу менен сакталган жана жаңы платформага автоматтык түрдө өткөрүлдү. Кезекте турган балдардын катталган маалыматтары өзгөрүүсүз калат", - деп айтылат маалыматта.

"Электрондук кезек" системасы балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кабыл алуу процессинин ачыктыгын камсыздап, кезекти автоматтык түрдө түзүүгө, бош орундарды автоматтык бөлүштүрүүгө жана адам факторун азайтууга мүмкүндүк берет. Система ошондой эле бардык балдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга багытталган.

Эми ата-энелер балдарын balalyk.edu.gov.kg порталы, андан тышкары "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу каттай алышат.