Францияда табигый кырсыктардын чыгымы 5,2 млрд еврону түздү

Дүйнө Загрузка... 26 Март 2026 10:50
WhatsApp Image 2026-03-26 at 08.49.06.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.03.26 /Кабар/. Францияда 2025-жылы болгон табигый кырсыктардын жалпы чыгымы 5,2 млрд еврону түздү. Бул тууралуу ТАСС билдирет.

Маалыматка ылайык, эң чоң зыян сел, бороон-чапкын жана кургакчылыктан келген. Айрыкча айрым аймактарда катуу жааган жамгырдан улам суу ташкындары болуп, турак жайлар, жолдор жана айыл чарба жерлери жабыркаган.

Адистердин айтымында, климаттын өзгөрүшү менен мындай кырсыктардын саны улам көбөйүүдө. Андыктан, Франция бийлиги табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу үчүн алдын алуу чараларын күчөтүүнү пландап жатат.

Эксперттер жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого жана өзгөчө кырдаалдарга даяр болууга чакырышууда.