Францияда токой өрттөрү күчөдү, өлкөнүн 27 аймагы коркунучта

Дүйнө Загрузка... 20 Июль 2026 17:40
WhatsApp Image 2026-07-20 at 14.38.46.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Франциянын 27 департаментинде токой өртүнүн жогорку кооптуулук деңгээли жарыяланды. Бул тууралуу Anadolu агенттигине шилтеме берүү менен Казинформ жазды.

Жыл башынан бери өлкөдө аномалдуу ысыктан улам өрт коркунучу эрте башталып, 32 миң гектардан ашык аянт күйүп кеткен.

Өлкөнүн түштүк-чыгыштындагы Вар аймагында тутанган өрт экинчи суткадан бери көзөмөлгө алына элек. Тарадо коммунунда башталган тилсиз жоо 200 гектардан ашык жерди күйгүзүп, 10 калктуу конушка коркунуч жаратууда. Өрттү өчүрүүгө 600дөн ашык өрт өчүрүүчү тартылган.

Жогорку Корсика департаментинде 12-июлда башталган эки токой өртү дагы деле өчүрүлө элек.

Франциянын метеорологиялык кызматы 27 департаментте өрт коркунучун, ал эми өлкөнүн түштүк-чыгышындагы 6 департаментте катуу ысыктан улам "сары-кызыл" деңгээлин жарыялады.

Буга чейин Франциянын түштүгүн аномалдуу ысык каптап, Парижге жакын аймактарда 2 миң гектардан ашык токой өрттөнгөнү кабарланган.