Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Кытай адам сымал роботторду иштеп чыгуу боюнча дүйнөдө алдыда турат. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен Казинформ жазды.
Кытайдын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин дүйшөмбү күнү жарыяланган маалыматына караганда, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кытайда адам сымал толук кандуу роботтордун 400дөн ашык түрү жасалган. Бул дүйнөдөгү жалпы көрсөткүчтүн теңинен көбүн түзөт.
Бул өлкөдө эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүү робот техникасы секторунун тездик менен кеңейип жатканын айгинелейт.
Министрликтин маалыматы боюнча, Кытайда иштелип чыккан төрт буттуу роботтор дүйнөлүк сатуулардын дээрлик 70 пайызын түздү.
Буга чейин Кытайда гуманоиддик (адам сымал) роботторду өндүрүүнүн көлөмү ушул жылы 100 миң даанадан ашары кабарланган.