Глобалдык тоо саммити: Климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу

Аналитика Загрузка... 26 Февраль 2026 18:06
4.jpg
copyright icon WWW

Кыргызстан II Глобалдык тоо саммитине даярдык көрө баштады. Ал 2027-жылдын октябрь айында Бишкекте өтөт. Күн тартибиндеги негизги маселе — планетадагы температуранын жогорулашынан улам келип чыккан жашоо шарттарынын өзгөрүүсүнө көнүү болмокчу.

Климат маселелери менен алектенген дүйнөлүк институттардын маалыматы боюнча, эгер акыркы 50 жылда Жер шарында орточо температура 1,3–1,5°C көтөрүлсө, тоолуу аймактарда бул процесс болжол менен эки эсе тез жүрүүдө. Ошону менен бирге, илимпоздор белгилегендей, акыркы он жылдыкта бул кооптуу процесс тездеп, учурда температура өтө кооптуу темп менен өсүүдө. Бул мөңгүлөрдүн эрүүсүнүн, табигый аномалиялардын, кыйраткыч бороон-чапкындардын же, тескерисинче, аптаптуу ысык менен кургакчылыктын негизги себеби болуп саналат.

WhatsApp_Image_zV8bMoP_HR3Y8i0.max-2560x1440.f.width-800.png

20 жылдан бери Кыргызстан ар кандай эл аралык аянтчаларда, биринчи кезекте Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында климаттык тобокелдиктерге каршы аракеттенүү чараларын демилгелеп, жаңы реалдуулукка көнүү боюнча түрдүү программаларды сунуштап келет. Биздин өлкөнүн сунушу менен 2022-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы" жарыяланган. Бишкекте мамлекет башчыларынын деңгээлинде өтө турган Глобалдык тоо саммити орто мөөнөттүү жыйынтыктарды чыгаруу менен гана чектелбестен, климаттык коркунучтардын кесепеттерин жумшартууга багытталган программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуунун жаңы этабынын башталышы болуп калмакчы.

Эл аралык жолугушуулардын биринде президент Садыр Жапаров Кыргызстан глобалдык жылуулуктун кандай кесепеттерине туш болгонун жана бул келечекте кандай тобокелдиктерди жаратарын айтып берген. Акыркы бир нече он жылдыкта Кыргызстан "түбөлүктүү" деп эсептелген мөңгүлөрдүн болжол менен 20 пайызын жоготту. Алардын эрүү темпи ушундай бойдон калса, 2040-жылга чейин республика суу ресурстарынын 40 пайызынан, ал эми кылымдын аягына чейин 80 пайызына чейин ажырап калышы мүмкүн. Бул жөн эле кризис эмес, чыныгы катастрофа болору эксперт эместерге деле түшүнүктүү болсо керек.

WhatsApp_Image_6N1y8NI.max-2560x1440.format-we.width-800

Тоолуу өлкөлөр мөңгүлөрүн жоготсо, кеңири аймактарды ээлеген көптөгөн континенттик өлкөлөр суусуз калып, иш жүзүндө жашоого жараксыз болуп калат. Ошондуктан бул процесс калыбына келгис абалга жете электе, Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукту жигердүү аракеттерге чакырат.

Жаңы шарттарга көнүү менен бирге, экономикалык потенциалды да сактап калуу зарыл. Тоолуу мамлекеттерде жашыл энергетика тармагындагы алдыңкы иштеп чыгууларды киргизүү, гидротехникалык курулмаларды жана ирригациялык тармактарды өркүндөтүү жана заманбапташтыруу керек. Бул — трансчек аралык дарыялардын ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн зарыл болгон биринчи кезектеги чаралар. Суунун агымы азайганда ал адамдардын муктаждыктарына, мал чарбачылыгын жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө жетиштүү болушу үчүн сууну азыртадан үнөмдөө зарыл. Эксперттер белгилегендей, тоолуу аймактардагы экосистемаларды сактоо — бул бүтүндөй адамзат үчүн чоң сыноо жана туруктуу өнүгүү маселеси.

Адистер баса белгилегендей, климаттык тобокелдиктерди четтетүү жана экономикалык туруктуулук маселелери бири-бири менен тыгыз байланышкан. Масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өтө чоң ресурстар талап кылынат, ошондуктан дүйнөлүк коомчулук тоолуу өлкөлөрдү колдоо менен өзүнүн келечегине инвестиция салган болот.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров тоо климаты өзүнөн-өзү эле күтүүсүз болорун, ал эми глобалдык жылуулук шартында ал жогорулаган тобокелдик факторуна айланарына көңүл бурду.

Abdyrov_OI5ZSb2.enc.width-800

"Бизде өлкө аймагынын 5 пайызы гана айыл чарбасын жүргүзүүгө жарактуу. Бирок табигый аномалиялардан улам түшүмдүн олуттуу бөлүгү жоголуп кетиши мүмкүн. Тоо экосистемасы өтө күтүүсүз мүнөзгө ээ. Биздин тоолордо калыптанган дарыялар өлкөбүздүн чегинен алыс кетип, бүтүндөй регион ошолордон көз каранды. Ошондуктан мөңгүлөрдү сактоо, суу ресурстарын үнөмдөө жана сарамжалдуу пайдалануу технологияларын киргизүү боюнча долбоорлорго биздин өнөктөштөр да каражат салышы керек. Анткени бул нерседен бир гана Кыргызстандын же Тажикстандын эмес, аймактагы башка өлкөлөрдүн да экономикасынын абалы жана азык-түлүк коопсуздугу түздөн-түз көз каранды.

Биз тоолуу өлкөлөрдү колдоо фонддору түзүлүшү керектигин айтышыбыз зарыл. Ошол же ГЭСтерди, тоо инфраструктурасын куруу үчүн жеңилдетилген каржылоону сунушташыбыз керек. А балким, экосистемалык кызматтарды экономикалык актив катары таанууну сунуштай турган мезгил келди. Суу жана мөңгүлөр — бул эл аралык эсептешүүлөрдүн объектилери. Ал эми сервистик кызмат жана туруктуулук — бул контракттын предмети. Бишкектеги II бүткүл дүйнөлүк Тоо саммити — бул климаттык программаларды каржылоо жалпы глобалдык өнүгүү менен байланышкан сүйлөшүүлөрдүн платформасы", — деди Төлөнбек Абдыров.

Башкача айтканда, климат тездик менен өзгөрүп жаткан тоолуу өлкөлөрдө биргелешип жана ыкчам аракеттенүү зарыл. Биринчи кезекте ушул аймактарга инвестициялар багытталышы керек. Анткени табигый факторлорго байланыштуу, аймагынын 90 пайызын тоо массивдери ээлеген өлкөлөрдүн бай мамлекеттердин катарына кошулуусу кыйын, себеби алардын ресурстук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Аларда мөңгүлөрдү сактоо же климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруу боюнча масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жөнөкөй эле ресурстар жетишсиз.

Ошондуктан, эгер региондо антропогендик таасирди азайтуу үчүн жылуулук станциясын куруу сунушталбаса, анда альтернатива болушу керек. Эгер ишканалардан чыккан зыяндуу заттарды кыскартуу шарты коюлса, анда өндүрүштүк кубаттуулуктарды чектөө үчүн белгилүү бир компенсация механизмдери да каралышы зарыл. Эгер мөңгүлөрдү жана трансчек аралык дарыялардын ресурстарын сактоо боюнча жалпы милдет турса, анда аны биргелешип чечүү керек.

Эколог Бактыбек Саипбаев тоолуу аймактардагы иштин бардык түрлөрү жогорку өздүк наркка ээ экенин белгилейт. Климаттык өзгөчөлүктөрдөн улам айыл чарбасын жүргүзүү кооптуу. Жердин рельефине байланыштуу логистика татаалдашып, курулушка өзгөчө шарттар жана талаптар коюлат, ал эми кен казуу иштери кошумча каржылык чыгымдарды талап кылат. Демек, тоолордо ишкердиктин каалаган түрүн жүргүзүү, өзгөчө ири өнөр жай объекттери тууралуу сөз болгондо, өзү менен кошо жогорулатылган чыгымдарды алып келет.

WhatsApp_Image_2025-11-12_at_15.30.22.width-800

Ошондуктан, аналитик баса белгилегендей, климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруу сыяктуу глобалдык деңгээлдеги милдеттерди чечүүгө дүйнөлүк коомчулуктун жооптуу өкүлдөрү катышууга тийиш.

"Экологиялык абалды сактап калуу үчүн координацияланган аракеттер зарыл. Тоолуу өлкөлөрдүн экосистемалары абдан аялуу келип, тышкы терс таасирлерге тез кабылат. Биз муну мөңгүлөрдүн өтө тездик менен эрип жатканынан көрүп жатабыз.

Биз масштабдуу жаратылышты коргоо иш-чараларынын, өндүрүшкө коюлуучу чектөөлөрдүн, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу үчүн жогорулатылган талаптарды жана регламенттерди сактоонун зарылдыгын айтып жатабыз, мунун баары каражатты талап кылат. Ошондуктан тоолуу өлкөлөргө биринчи кезекте кам көрүүгө тийиш болгондор — бул бизден суу алып жаткан мамлекеттер. Эгер биз мөңгүлөрүбүздөн ажырасак, эбегейсиз зор аймактардагы жашоо шарттары түп тамырынан бери өзгөрөт. Биздин аймактын кургак чөлгө айланып калышын эч ким каалабаса керек", — дейт Бактыбек Саипбаев.

Кыргызстан БУУнун колдоосу астында өтө турган II Глобалдык тоо саммитине пландуу түрдө даярдык көрүүдө. Министрлер кабинетинин төрагасынын жетекчилиги астында өткөн уюштуруу комитетинин жыйынында Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдыктын алкагында республикада бир нече маанилүү демилгелер ишке ашырылганы белгиленди.

Калыбына келүүчү энергия булактарынын потенциалын жигердүү өнүктүрүү башталды, кеп биринчи кезекте ондогон ГЭСтердин курулушу жөнүндө болуп жатат. "Жашыл мурас" улуттук программасынын алкагында жыл сайын 8 миллионго чейин көчөттөр отургузулуп, алар көмүртек калдыктарын сиңирип алуучу ири токой массивдерин түзүүдө. Саммитке карата Кыргызстан климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруу боюнча аткарылган иштердин башка конкреттүү жыйынтыктарын да тартуулайт.

Ошол эле учурда адистер кырдаалды оңдоо үчүн тоолуу аймактарды колдоо боюнча долбоорлордин масштабын кеңейтип, аларды ишке ашырууну тездетүү керектигин белгилешет.