Голландияны суктандырган Таластын кызыл жоогазыны – сүрөттөр

Аймак Загрузка... 20 Май 2026 11:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Влад Ушаков

Талас облусунун тоолорунда жаз келгенде укмуштуудай кооз, жапайы өскөн Грейг жоогазыны гүл ачат. Бул жөн эле гүл эмес, Кыргызстандын тоолорунда миңдеген жылдардан бери тукуму үзүлбөй сакталып келе жаткан жаратылыштын чыныгы байлыгы.

Бул жоогазын абдан сейрек кездешет, ошондуктан Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Гүлү кадимки жоогазындардан кыйла чоң, ал эми жашыл жалбырактарында күрөң, кочкул тактары бар.

Бүгүнкү күндө Европанын, өзгөчө Голландиянын бакчаларында өскөн кооз жоогазындардын көбү дал ушул биздин Грейг жоогазынынан тараган. Аны убагында окумуштуулар чет өлкөгө алып кетип, жаңы сортторду селекция жолу менен чыгарышкан.

Бул гүл жыл бою жер астында пияз түп катары жатат. Жазында болсо болгону 1–2 жумага гана жердин үстүнө чыгып, сулуулугун көрсөтөт.

Адамдардын гүлдү массалык түрдө үзүп, тамырын тебелеп, ал жерлерге мал жайганынан улам бул жоогазын жылдан-жылга азайып баратат.

Бул сулуулукту сактап калуунун эң туура жолу — гүлдү такыр үзбөө! Аны колубузга кармап соолутканча, сүрөткө тартып алып, жаратылышына зыян келтирбей суктансак болот.