Ички жана тышкы инвестиция. Кыргызстанда ишкерлерди колдоо күчөтүлөт

Экономика Загрузка... 03 Март 2026 17:30
5373093152492817822-735x400.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Акыркы беш жыл ичинде өлкө экономикасынын өнүгүшүндө сезилерлик жылыштар байкалды. Алсак, 2020-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы 8,3 млрд АКШ долларын түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 22,6 млрд АКШ долларынан ашты. Бул сандар Кыргызстандын экономикасынын көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн көрсөтүп турат. “Кабар” агенттиги бул ирет экономиканын өрүш алышына өз салымын кошкон инвестициялардын агымы жана инвесторлорду кызыктырган тармактар тууралуу сөз кылып, ишкерлер үчүн түзүлгөн өлкөдөгү шарттарга токтолот.

Салык 5 жыл ичинде төрт эсеге өстү

Салык 5 жыл ичинде болжол менен төрт эсеге, бажы төлөмдөрү алты эсеге, салыктык эмес кирешелер дээрлик тогуз эсеге өстү. Консолидацияланган бюджет 2021-жылы 313 млрд сом болсо, 2025-жылы 1 трлн 100 млрд сомдон ашты, бул 3,5 эсе өсүүнү көрсөтүүдө. Бул көрсөткүчтөр ишкерлердин көмүскөдө эмес, мыйзам чегинде иштей баштаганынан кабар берет. Анткени тармакта ачык-айкындуулукка жана жоопкерчиликке басым жасалып, коррупциялык тобокелчиликтердин мүмкүнчүлүктөрү кыскартылды.

Экономиканын өсүшүнө ички жана тышкы инвесторлордун салымы чоң экени шексиз. Инвестициянын келиши менен кайсы гана тармак болбосун долбоорлор ишке ашып, жумуш орундары түзүлүп, салыктык кирешелердин көлөмү өсөт.

Чет өлкөлүк инвестициялардын түшүүсү сандар менен

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы төрт жыл ичинде Кыргызстанга келген тике чет өлкөлүк инвестициялар кыйла көбөйдү. Маселен, 2020-жылы бул көрсөткүч 537,6 млн АКШ долларын түзсө, 2024-жылы — 1 029,7 млн АКШ долларына жетти. КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген инвестиция – 31,9%, КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестиция – 68,1%.

Кайсы тармактарга инвестициялар көп келет?

  • Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук,
  • Пайдалуу кендерди казуу,
  • Иштетүү өндүрүшү (иштетүү өнөр жайы),
  • Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу),
  • Суу менен жабдуу, тазалоо жана калдыктарды иштетүү, кайра пайдаланылуучу чийки затты алуу,
  • Курулуш,
  • Дүң жана чекене соода,
  • Автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо,
  • Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо,
  • Мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги,
  • Маалымат жана байланыш,
  • Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу,
  • Кыймылсыз мүлк операциялары,
  • Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик,
  • Билим берүү,
  • Саламаттык сактоо жана калкка социалдык жактан тейлөө,
  • Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу,
  • Башка тейлөө ишмердиги.

КМШдан тышкаркы кайсы өлкөлөрдөн тике чет өлкөлүк инвестициялар келүүдө?

Улуу Британия, Германия, Канада, Кипр, Кытай, Люксембург, Нидерланддар, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Корея Республикасы, АКШ, Түркия, Швейцария, Япония, башка өлкөлөр. Ал эми КМШдан инвестициялар Кыргызстанга Азербайжан, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келип жатат.

cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3

Инвесторлордун Кыргызстанга кызыгуусу – өлкөдөгү инвестициялык жагымдуу шарттар

“Кабар” агенттигине экономист Кубан Чороев билдиргендей, 2025-жылдын 9 айында эле инвестиция көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 21,7%га өскөн. Ал эми түз чет элдик инвестициялардын агымы дагы 21%дан ашкан.

Экономисттин пикиринде, 2026-жылдын январь айында негизги капиталга багытталган инвестициялардын көлөмү 6 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 17,9%га өскөн. Бул өсүш ички жана тышкы булактардын эсебинен болуп, тышкы каржылоонун көлөмү 11,6 эсеге көбөйгөнү байкалууда.

WhatsApp_Image_2025_8Arae9b.2e16d0ba.format-we.width-800
“Инвестициялар аркылуу келген каражаттар негизинен энергетика, суу менен жабдуу, калдыктарды кайра иштетүү, өнөр жай жана логистикалык борборлор сыяктуу инфраструктуралык долбоорлорго багытталып жатат”, — деп белгилейт Чороев.

Ошондой эле ал инвесторлордун Кыргызстанга кызыгуусуна алар үчүн өлкөдө бир катар жагымдуу шарттардын түзүлгөндүгү түрткү болууда деп эсептейт.

“Биринчиден, саясий туруктуулук жана чек ара маселелеринин чечилишин айтсак болот. Мында чек аралардын толук аныкталышы Борбор Азияда тынчтыктын бекемделишине жана ири инвесторлор үчүн ишенимдүү чөйрөнүн түзүлүшүнө алып келип, инвестициялык тобокелдиктерди кыйла азайтты. Экинчиден, мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп, ишкерлерге жеңилдиктер берилип жатат. Инвесторлор менен мамлекеттик органдардын иштөө принциптери жөнөкөйлөштүрүлүүдө. Ошондой эле бир катар салыктан бошотуу мүмкүнчүлүктөрү каралган. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жабдууларды ташууда бажы төлөмдөрү алынбайт. 2026-жылдын 1-январынан тартып укук коргоо органдары тарабынан ишкердик субъекттерин негизсиз текшерүүлөр токтотулду. Бул бизнести коргоого багытталган маанилүү кадам болду.
Жалпылап айтканда, Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу багытында системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Мамлекет тарабынан түзүлүп жаткан шарттар, салыктык жеңилдиктер, саясий туруктуулук жана стратегиялык географиялык абал өлкөнү чет элдик жана ички инвесторлор үчүн барган сайын жагымдуу кылып жатат. Эгерде бул тенденция сакталып, реформалар улантыла берсе, Кыргызстан Борбор Азиядагы ишенимдүү инвестициялык борборлордун бирине айланууга бардык мүмкүнчүлүккө ээ”, — деп белгиледи Кубан Чороев.

Ишкерлер — мамлекеттин өнөктөшү

Кыргызстанда акыркы төрт жылда реалдуу экономикалык өсүштүн орточо жылдык темпи 10,2%ды түздү. Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстан ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдө алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу өткөн жумада президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Кыргызстандын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана жакынкы жылдарга карата пландары боюнча республикалык кеңешмеде айтылды.

Анда мамлекет башчысы белгилегендей, 2030-жылга карата алдыга конкреттүү багыттар коюлду. Калктын жан башына болгон ички дүң продукциясын 4500 АКШ долларына жеткирүү, экономиканын жалпы көлөмүн 30 млрд АКШ долларынан кем эмес камсыз кылуу зарыл. Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча дүйнөнүн алдыңкы 30 өлкөсүнүн катарына кирүү жана адамзаттык өнүгүү индекси боюнча позицияны 10 пунктка жогорулатуу керек.

DOS_5657

Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан ички жана тышкы инвесторлор үчүн ачык экенин, өлкө экономикасын өнүктүрүүгө каражат, технология, ык-амал жана билим жаатында салым салууга даяр болгондорго максималдуу түрдө жагымдуу шарттар түзүлөрүн айтты. Ошондой эле президент бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилип, административдик жол-жоболор жөнөкөйлөтүлүп, мыйзамдар жакшыртылганын билдирди.

“Иш кылам, өзүмө да, мамлекетибизге да пайда келтирем” деген ишкерлер мыйзам менен коргоого алынган жана мамлекеттин колдоосун сөзсүз сезет. Мына ушундай инвестициялык жагымдуу шарттар түзүлүп жаткан маалда ишкерлерге кандайдыр бир негизсиз басым-кысым көрсөтүүгө жол берилбей турганын дагы бир жолу эскерте кетейин. Республикалык кеңешмеде отурган бардык укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнө алдын ала кайрыламын. Ак ниет иштеген жана мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон бизнес ар тараптан корголушу керек. Бизнесмен коркуу чөйрөсүндө, басым-кысым шартында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт. Бул, албетте, мамлекетке, элге, эң ириде бардык жоопкерчиликти моюнга алган бизге залакасын тийгизет.
Мына ошондуктан жергиликтүү укук коргоо органдары айыл өкмөттөрдү, акимдерди, мэрлерди негизсиз текшерүүнү токтоткула. Алардын ишине тоскоолдук кылып, отчет алып, контролдоп же негизи жок эле кабинетиңерге чакырганыңарды койгула. Биз Кыргызстандын экономикасынын жүрөгү, инновациялардын жана жаңы жумуш орундарынын булагы ишкерлер болушун каалайбыз”, — деди президент.

Мындан ары да мамлекет дайыма ишкерлерди коргоосуна алып, кепилдик берерин, бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү улантарын Садыр Жапаров кошумчалады.

“Биздин Кыргызстанда ишкерлер өздөрүн мамлекеттин өнөктөшү катары сезиши керек. Ушундай эки тараптуу сый-урмат мамилеси менен гана биз кубаттуу экономикалык секирикти жана өлкөбүздүн татыктуу келечегин камсыздай алабыз”, — деп белгиледи өлкө башчысы.

2030-жылга чейин өлкө тейлөө моделинен индустриалдык-агрардык экономикага өтүп, өндүрүштүн үлүшүн 28–30%га чейин көбөйтүшү керек. Мындан аркы туруктуу өнүгүү бардык мамлекеттик органдардын координацияланган ишин талап кылат.

Бул 2030-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасында коюлган максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берери айтылууда.