Ихтияр Нишонов эл аралык бокс турниринде алтын медаль жеңди

Спорт Загрузка... 07 Апрель 2026 09:15
1775479896_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Спорттук жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча спорттук мектептин тарбиялануучусу Ихтияр Нишонов Түркиянын Стамбул шаарында өткөн “Ahmet Cömert” эл аралык бокс турниринин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ихтияр 70 кг салмак категориясында күч сынашып, финалдык беттеште Австралиянын өкүлү Уильям Млачичти жеңип, алтын медаль тагынды.

Мушкер турнирди 1/8 финалдан баштап, андан ары Азербайжан, Түркия жана Германиядан келген спортчуларды удаасы менен утуп финалга чыккан.