Интернат жана карылар үйлөрү мамлекеттик органдардын туруктуу көзөмөлүнө өтөт

Министрлер кабинети Загрузка... 21 Май 2026 15:50
karylar-uiu-bishkek-pozhilaya-babushka-trost.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев калктын аялуу катмарына социалдык колдоону күчөтүүгө багытталган тескемеге кол койду.

Чечимге ылайык, бул документ мамлекеттик органдардын балдар интернаттарына, ошондой эле улгайган жарандар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн стационардык мекемелерге туруктуу көзөмөл жана шефтик кылуу системасын белгилейт.

Кабыл алынган чечимге ылайык, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор эми өздөрүнө бекитилген социалдык объектилердин муктаждыктарына мониторинг жүргүзүү жана ыкчам жардам көрсөтүү үчүн жеке жоопкерчиликте болушат.

Тескеме ведомстволордун жетекчилерин жыл сайын борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү жана ар тараптуу демөөрчүлүк колдоо көрсөтүү үчүн бюджеттик же бюджеттен тышкаркы каражаттарды кароого милдеттендирет.

Бул ресурстар мекемелердин материалдык-техникалык базасын системалуу жакшыртууга жана алардын камкордугундагы адамдар үчүн татыктуу жашоо шарттарын түзүүгө багытталат.

Финансылык жардамдан тышкары, мамлекеттик органдар жетим балдарды социалдаштырууга көмөктөшүү, ден соолугуна кам көрүү жана өзгөчө көңүл бурууга муктаж жарандардын эс алуусун уюштурууну камтыган комплекстүү колдоо көрсөтүшөт.