Италияда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 02 Июнь 2026 10:00
WhatsApp Image 2026-06-02 at 09.54.13 (1).jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.06.26 /Кабар/. Италияда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу 1-июнда Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Италиянын Паола шаарынан 22 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул шаарда болжол менен 12,6 миң адам жашайт. Сейсмологиялык борбордун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу жер кыртышынын 240 чакырым тереңдигинде болгон.

Ошондой эле EMSC 31-май күнү Чилинин жээк аймагында күчү 6 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталганын маалымдаган. Табигый кырсыктын очогу 25 чакырым тереңдикте жайгашканы белгиленген.