Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда 7-июнда IV Бишкек эл аралык кинофестивалы башталат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын борбору дүйнөлүк киноиндустриянын өкүлдөрү үчүн маанилүү эл аралык аянтчага айланууда.
"Менин оюмча, бул жылы Бишкек дүйнөнүн булуң-бурчунан режиссёрлор, продюсерлер жана кинематографисттер чогула турган уникалдуу аянтча болот. Уюштуруучулар 33 өлкөнүн өкүлдөрү катышарын күтүүдө. Алар биздин фестивалдын бир бөлүгү болуу үчүн атайын келишет", — деди Талантбек Төлөбеков.
Кинематография департаментинин башчысы кошумчалагандай, борбор калаанын тургундары жана коноктору 7-июнда саат 18:00дө Т. Усубалиев атындагы аянтта өтө турган кинофестивалдын салтанаттуу ачылыш аземине күбө боло алышат.

Бишкек эл аралык кинофестивалинин директору Арген Адил уулу билдиргендей, фестивалдын программасы абдан бай, анын ичинде, биринчи кезекте, сынакка катышкан тасмалардын көрсөтүүлөрү бар.
"Бул жылы үч сынак секциясы сунушталды: эл аралык сынак, Борбор Азиялык сынак жана биздин коммерциялык тасмалардын сынагы – Kyrgyz Box", - деп бөлүштү Арген Адил уулу.
Анын айтымында, сынактан тышкары программада атайын көрсөтүүлөр, конок өлкөнүн тасмалар жумалыгы жана ретроспективалар пландаштырылган. Үчүнчү блокту индустриалдык программалар – CAF Pitching жана Bars in Progress түзөт. Ошондой эле параллелдүү түрдө ар кандай мастер-класстар, воркшоптор, индустриалдык жолугушуулар өткөрүлүп, анда ар кандай мүнөздөгү окутуулар же насаатчылык иштери өткөрүлөт.

Фестивалдын директору быйыл эл аралык сынакка ар кандай статустагы – эл аралык, улуттук жана дүйнөлүк деңгээлдеги 9га чукул премьера коюлганын белгиледи.
"Эгерде өткөн жылдары дүйнөлүк премьералардын саны бирден-экиге чейин гана болсо, быйыл алардын саны тогузга чейин өстү. Бул көптөгөн кинематографисттер өз тасмаларынын премьерасын бизде өткөрүүгө ишеним артканын билдирет. Бул Кытайдан баштап Европага чейинки дүйнөлүк премьералар. Тагырагы, Бишкек кинофестивалинин географиясы эл аралык планда кеңейүүдө", - деди Арген Адил уулу.
Ал 7-июндан 12-июнга чейин Broadway, "Айчүрөк" соода борбору, "Ала-Тоо" жана "Космопарк" кинотеатрларында Бишкек шаарынын тургундары үчүн бардык тасмаларды көрсөтүү акысыз болорун баса белгиледи. Анын айтымында, эгер көрүүчүлөр сеанска жетишпей калышса, кээ бир тасмаларды көрсөтүү атайын башка залдарда кайталанып турат.
Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү, 8-июнда саат 15:30да "Broadway" кинотеатрында фестивалдын ардактуу коногу – француз актрисасы Одри Тоту менен атайын жолугушуу өтөт.