Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 22-июнунда Талас шаарынын борбордук паркында жаңы заманбап аттракциондордун расмий ачылыш аземи болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы көңүл ачуучу комплекс майрамдык иш-чаралардын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болмокчу. Жаңыланган эс алуу аймагы шаар тургундарынын гана эмес, Таластын конокторунун да сүйүктүү жайына айланары күтүлүүдө.
Мэриядан белгилешкендей, аттракциондор ар кандай курактагы жарандарга ылайыкталган жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн кошумча шарттарды түзөт.
Расмий ачылыш аземи тууралуу кошумча маалымат берилет.