Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин жыйынына катышты.
Парламенттен билдиришкендей, төрага ассамблея парламенттер аралык кызматташтыктын жана моделдик мыйзам чыгаруунун негизги аянтчаларынын бирине айланганын белгилеп, биргелешкен ишмердүүлүктүн аркасында уюмдун эл аралык аброю ырааттуу түрдө бекемделип жатканын кошумчалады.
Ошондой эле төрага Жогорку Кеңеш КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын кыргыз-беларусь маданий байланыштарын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Беларустун эл жазуучусу Николай Чергинецке ыйгаруу сунушун колдой турганын билдирди.
Андан тышкары, Марлен Маматалиев ассамблеянын маарекелик 60-пленардык жыйынында сөз сүйлөп, бул убакыт аралыгында мыйзамдарды шайкеш келтирүү, кызматташтыктын бардык багыттары боюнча байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо, ошондой эле заманбап чакырыктарга биргелешип жооп кайтаруу механизмдерин түзүү багытында зор иштер аткарылганын баса белгиледи.
"Түзүлгөндөн берки мезгил аралыгында КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы өлкөлөрүбүздүн жигердүү кызматташтыгы жана тең укуктуу парламенттер аралык диалогу үчүн универсалдуу аянтчага айланды", – деди төрага.
Андан сырткары, өз ара кызматташуунун негизги багыттарынын бири катары тарыхый жактан калыптанган жана жыл сайын бекемделип жаткан маданий-гуманитардык байланыштарды атады.
Ошондой эле төрага бүгүн дүйнө олуттуу өзгөрүүлөр мезгилин баштан кечирип жатканын айтып: "Биз глобалдык экономикалык кризистердин кесепеттери, технологиялык өзгөрүүлөр, экологиялык көйгөйлөр, маалыматтык коркунучтардын өсүшү жана эл аралык коопсуздукка байланышкан жаңы чакырыктар менен бетме-бет келип жатабыз. Мындай шартта ачык диалогду сактоонун, компромистерди табуунун жана жарандарыбыздын кызыкчылыктарын коргоонун инструменти катары парламенттик дипломатиянын ролу өзгөчө жогорулайт", – деди.