Чолпон Эсенаманова КМШ ПААнын туруктуу комиссия төрагасынын орун басары болду

Жогорку Кеңеш Загрузка... 21 Май 2026 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Бүгүн Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыны өттү.

Парламенттен билдиришкендей, жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Эсенаманова аталган комиссиянын төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Мындан тышкары, Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты, КМШ ПААнын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын төрагасы Данияр Толонов Парламенттер аралык союздун 152-сессиясынын жыйынтыктары тууралуу баяндама жасады.

Алсак, эл өкүлү сүйлөгөн сөзүндө ассамблея глобалдык экономика жана коопсуздук маселелери боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишилген маанилүү аянтча болгонун белгиледи.

Муну менен катар, жыйында Евразия коопсуздугунун архитектурасын калыптандыруудагы парламенттердин ролу: Россия менен Беларустун демилгелери, 2026-жылы “Эстелик поезди” маданий-билим берүү долбоорун ишке ашыруу, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана башка маселелер боюнча баяндамалар угулду.