Санариптик кодекске байланыштуу мыйзам долбоору I окууда жактырылды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 20 Май 2026 17:22
hd-1779266259166.jpeg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеш бүгүн жыйында "КР Санариптик кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – министрлер кабинетинин төрагасы.

Маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев тааныштырды.

Мыйзам долбоору оперативдик-издөө жана контрчалгын ишмердүүлүгүн жөнгө салган түшүнүктөрдү жана функционалдык нормаларды Санариптик кодекстин жоболоруна шайкеш келтирүүгө, ошондой эле укук коргоо жана атайын иш-чараларды санариптик трансформациялоо шартында мамлекеттик органдар менен телекоммуникация тармагынын субъекттеринин өз ара аракеттенүү механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.