Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоорун депутаттар Марлен Маматалиев, Камила Талиева, Жылдыз Эгенбердиева, Медина Кайрылбекова, Рахат Жунушбаева, Бакыт Тентишев, Сеидбек Атамбаев, Жаныбек Абиров, Гуля Кожокулова, Адилет Белеков, Гүлнара Баатырова, Бекмурза Эргешов демилгелеген.
Документ климаттык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн Кыргызстандын калкына, экономикасына жана экосистемаларына тийгизген таасирин минималдаштыруу үчүн климаттык аракеттердин укуктук негиздерин аныктоого багытталган.