Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Бүгүн Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыны өттү.
Парламенттен билдиришкендей, жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханжеза аталган комиссиянын төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Мындан тышкары, жыйында "Ыкчам-издөө ишмердүүлүгү жөнүндө", "Жасалма интеллектти жана робот техникасын террордук жана экстремисттик максаттарда пайдаланууга каршы аракеттенүү жөнүндө" моделдик мыйзам долбоорлору каралды.