Измирде Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору көрсөтүлдү

Коом Загрузка... 09 Апрель 2026 16:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Түркиянын Измир шаарында Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен Измир шаарынын Соода палатасынын колдоосунда Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга багытталган иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов катышты.

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштар, Кыргызстанга карата экспорттук мүмкүнчүлүктөр, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары, долбоорлор жана кызматташтык багыттары боюнча баяндамалар жасалды.

Жолугушуу суроо-жооп форматында улантылып, катышуучулар келечектеги кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү кеңири талкууланды.