Изникте “Кыргыздар күмбөзү” мемориалында эскерүү кечеси өттү

Коом Загрузка... 19 Май 2026 23:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Түркиянын Изник шаарындагы ”Кыргыздар күмбөзү“ мемориалында кыргыз жоокерлеринин элесине арналган салттуу эскерүү иш-чарасы өттү.

Башкы консулдуктан билдиришкендей, иш-чараны Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу уюштуруп, ага Түркиянын ар кайсы аймактарынан келген эки миңге жакын мекендешибиз катышты.

Эскерүү салтанаты мемориалда куран окутуу менен башталып, андан соң расмий бөлүк жана концерттик программа менен уланды. Расмий бөлүктө катышуучуларга өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалар жана иштер тууралуу атайын видеоролик сунушталды. Ошондой эле мекендештер үчүн лотереялык оюн уюштурулуп, уюлдук телефондор, ноутбуктар жана башка баалуу белектер ойнотулду. Катышуучуларга сый тамак берилди.

Концерттик программада КР эл артисти Гүлнур Сатылганова, КР эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков жана ырчы Малика Дина өздөрүнүн чыгармаларын аткарышса, актёр Самат Эркинбеков алып баруучулук кылып, иш-чаранын көркүн ачты.

Бул маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын президентинин ”Улуттук нарк жөнүндө“ жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Белгилей кетсек, иш-чара мамлекеттик бюджетке жүк келтирбестен, Башкы консулдук тарабынан демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлдү.

Бул эскерүү кечеси кыргыз жана түрк элдеринин тарыхый байланышын даңазалоо, ата-бабалардын эрдигин эстөө жана чет өлкөдөгү мекендештердин биримдигин бекемдөө максатында 2011-жылдан бери салттуу түрдө өткөрүлүп келет.