Кыргызстанда электр энергиясын өндүргөн жаңы станциялар арты артынан ишке киргизилүүдө. Бирок өлкө экономикасынын өсүшү дагы да жаңы кубаттуулуктарды талап кылууда. Анткени завод-фабрика, жаңы ишканалар канчалык көп ачылса, электр энергиясы ошончолук көп сарпталат. Мындан улам электр энергиясын кышында гана эмес, жайкысын да үнөмдүү пайдалануу маданиятын калыптандыруу зарылдыгы келип чыгууда. Эң алгач министрлер кабинети жарандарга үлгү болуп, ысыкта жеңил кийинип, кондиционерлерди көп күйгүзбөй, электр энергиясын үнөмдөй баштады. “Кабар” агенттиги электр энергиясын үнөмдөөнүн кандай артыкчылыктары бар экени тууралуу айтып берет.

Өлкөдө курулуш жана өндүрүш тармагынын активдешүүсүнө жараша электр энергиясын керектөө кескин өсүүдө. 2025-жылы эле 36 миң жаңы абонент кошулуп, жалпы керектөө 19 млрд кВт/саатка жетти. Эксперттер мындан 20 жыл мурда керектөө 12 млрд кВт/саатты түзгөнүн белгилешет. Буга байланыштуу электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн арттыруу боюнча 2030-жылга чейин күн жана шамал энергиясын пайдалануу менен "жашыл" энергетиканы өнүктүрүү, чакан жана орто ГЭСтерди куруу, энергия бөлүштүрүүнү толук санариптештирүү иштери улантылууда.
Быйыл өлкөдө 13 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалган. Ал эми 2021–2025-жылдардын аралыгында 27 чакан ГЭС ишке берилген. 2026–2030-жылдарга чейин дагы 48 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. 2026-жылдын аягына чейин жалпы кубаттуулугу болжол менен 500 мегаваттка чейинки күн электр станцияларын ишке киргизүү пландалууда. Бул болжол менен 500–700 миң үйдү жарык менен камсыздоого жетет. Ошол эле маалда иштеп жаткан ири ГЭСтерди реконструкциялоо да колго алынууда.
“Кабар” агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдиргендей, суу сактагычтарга суу толуп, жаңы кубаттуулуктагы станциялар ишке киргизилүүдө. Бирок өлкө экономикасы ыкчам темп менен өскөнүнө байланыштуу, энергетика тармагы ага толук жетише албай жатат.

“Ошондуктан биз тартыштыкты жоюу максатында бир топ иш-чараларды кабыл алдык. Монополияны жойдук. Мамлекет жалгыз өзү кубаттуулукту жогорулата албайт. Инвесторлорго кепилдик берилүүдө. Алар өндүргөн электр энергиясын сатып алабыз. Инвесторлорго жакшы шарттар түзүлүп, мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүүдө. Трансформация иштери жасалып, уруксат берүүчү кагаздар тездетилген тартипте бүткөрүлүүдө. Мунун баары инвестор тез аранын ичинде станцияны пайдаланууга берүүсүнө багытталган”, — деди Данияр Амангелдиев.
Министрлер кабинети саналуу күн мурда мамлекеттик кызматкерлер үчүн күндүн ысык мезгилинде галстук жана костюмсуз иштөөгө уруксат берген токтом чыгарды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул чечим, биринчиден, кызматкерлер үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылууга, экинчиден, электр энергиясын үнөмдөөгө багытталганын айтты. Анткени костюм жана галстукчан кызматкерлер иш бөлмөлөрүндө ысыгандыктан, кондиционерлерди максималдуу деңгээлде иштеткен учурлар көп кездешет. Бирок бул мамлекеттик кызматкерлерге кондиционерди иштетүүгө такыр тыюу салууну билдирбей турганын белгиленди. Ал эми протоколдук жана эл аралык иш-чараларда белгиленген дресс-код мурдагыдай эле сакталат.

“Азыр биз костюмдарды кийип алып, кондиционерлерди максималдуу иштетип коюп отурабыз. Көйнөкчөн отурсак, кээде кондиционерлерди өчүрүп койсок да болот. Мындан кийинки чогулуштарга костюмуңарды чечип келсеңер болот. Өз кезегинде Японияда мамлекеттик кызматкерлерге костюмсуз, кыска жеңдүү көйнөк менен жумушка келүүгө уруксат берилгенде, электр энергиясы бир топ эле үнөмдөлгөн”, — деп Адылбек Касымалиев Япониянын тажрыйбасын мисал келтирди.
Данияр Амангелдиев министрлер кабинетинин мындай чечими жалпы жарандарга электр энергиясын үнөмдөөгө болгон чакырык экенин түшүндүрүп өттү.
“Мисалы, кышында электр жабдыктары көп колдонулуп, электр энергиясын керектөө жогорулап кетчү. Азыр жай менен кыштын ортосунда айырма жок болуп калды. Анткени жайында кондиционерлер көп колдонулууда. Мурда кышкы сезон бүткөндөн кийин, суу сактагычка суу топтоп, кийинки сезонго чейин даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк бар эле. Кондиционерлерди ашыкча күйгүзбөй коюу менен бир топ эле электр энергиясын үнөмдөсө болот. Ар бир кондиционер орточо 1–2 кВт электр энергиясын сарптайт. Ошондуктан министрлер кабинетинин чакырыгын колдошубуз керек. Жайкысын чыдасак болот, ал эми кыш кандай болорун эч ким билбейт, ошондуктан биз алдын ала даярданып жатабыз”, — деп белгиледи минкаб төрагасынын биринчи орун басары.
Японияда апрель айында мамлекеттик кызматкерлерге жумушка жеңил кийим кийип келүүгө, анын ичинде кыска шым кийүүгө уруксат берилген. Дресс-кодду өзгөртүү 2005-жылы эле башталган саясатка кирет. Анда мамлекеттик кызматкерлердин галстуксуз жана костюмсуз иштөө зарылдыгы айтылган. Быйыл талаптар дагы жеңилдетилди, эми кыска шым жана жеңил футболка мамлекеттик кызматкерлердин жай айларындагы негизги кийими болуп калды.

"Муну менен башкы орунга ыңгайлуулук чыгууда: поло, футболка жана кроссовкалар, ал эми иш ордуна жараша кыска шым кийсе болот", — деп Токионун губернатору Юрико Коике билдирген.
Ал 2005-жылы курчап турган чөйрөнү коргоо министри болуп турган кезде "Cool Biz" кампаниясын ишке киргизген. Францияда болсо, муниципалитеттерде электр энергиясын аз колдонуу максатында документтер санарип форматка өткөрүлүүдө. Бул техникалардын иштөө убактысын кыскартууга шарт түзөт. Түштүк Кореяда иш күнү аяктаганда автоматтык түрдө компьютерлерди жана жарыкты өчүрүү ыкмасы колдонулат.
Акыркы мезгилдерде Жер шарында климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жаз, жай жана күз айларында күндүн катуу ысыганы байкалууда.

Энергоэффективдүүлүк боюнча эксперт Жаныбек Кулумбетовдун айтымында, электр энергиясы дүйнө жүзүндө кышында тартыш болуп жатса, эми жайында да көп жабдууларды пайдалануу тартыштыкты жаратышы мүмкүн. Анткени үйдүн же кеңсенин аянтына жараша муздак аба менен камсыздай турган кондиционерлердин саны жана кубаттуулугу да ар кандай болот. Мындан улам жайкысын да электр энергиясын үнөмдөө зарыл деп эсептейт эксперт.
“Биздин өлкөнүн масштабын ала турган болсок, кондиционерлер үйлөрдө эки-үчтөн, ал эми кеңселерде ондоп-жыйырмалап коюлган. Ошондуктан жайдын күнү электр энергиясын азырак пайдалануунун бир жолу — кеңседе иштегендер жылуу кийинбей, жеңилирек кийинүү менен кондиционерлерди иштетпегенге аракет кылса болот. Япониядай эле Кыргызстан да галстук тагынбай, костюм кийбей салкын отуруу мүмкүнчүлүгүн колдонууда. Бул көрүнүштү дагы жайылтуу керек.
Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу практикасы кышкысын да колдонулду. Кыштын күнү эсиңиздерде болсо, жумуш убактысы бүткөндөн кийин сырткы жарыктандырууларды өчүрүп коюу сунушталган. Жайдын күнү дагы электр энергиясын үнөмдөө мүмкүнчүлүгү бар. Бул ыкманы биз максималдуу түрдө пайдаланышыбыз керек. Себеби электр энергиясы канчалык көп колдонулса, суу ошончолук коройт, экинчиден, акча каражатыбыз да пайдаланганга жараша төлөнөт. Ошондуктан жарандар буга көңүл бурушу керек. Энергияны аз пайдалануу маданияты жайылышы зарыл. Бул ар бир кишиде, ар бир үй-бүлөдө адатка айланышы керек”, — деп белгиледи Жаныбек Кулумбетов.
Электр энергиясын кантип үнөмдөө керек?
Алдыда бир катар пайдалуу кеңештер сунушталат:
- Үйдүн дубалдарын жана шыптарын ачык түстө кылыңыз: Эгерде сиздин бөлмөңүздүн терезелери түндүктү караса же күндүн нуру жакын жерде өскөн бийик дарактар, имараттар менен тосулса, мындай бөлмөдө табигый жарык көп учурда жетишсиз болот. Ачык түстөр менен жасалган дубал жана шып жасалгасы кырдаалды кыйла жакшыртат. Караңгы дубалдар жарыктын 10–15%ын гана чагылдырат, ал эми жарык дубалдардан жарыктын чагылышы 70–80%ды түзөт. Бөлмө бир топ жарык көрүнөт жана жасалма жарыктандырууну азырак талап кылат.

- Кондиционерди колдонуудагы үнөмдөө: Кондиционер иштеп турганда терезелерди жана эшиктерди жабыңыз. Эгерде кондиционер терезелери же эшиктери ачык бөлмөдө иштеп жатса, электр энергиясы текке кетип жатканын эске алыңыз.
- Кеңседеги электр энергиясын үнөмдөө: Заманбап кеңседеги компьютерлер жана көчүрүүчү машиналар дээрлик күнү-түнү иштейт. Эреже катары, жумуш күнү аяктагандан кийин кызматкерлер жабдууларды тармактан өчүрбөстөн, уйку режиминде калтырышат. Эгер сиз жабдууларды толугу менен өчүрсөңүз, анда энергияны 5–10%га чейин кыскарта аласыз.
- Ашканада электр энергиясын үнөмдөө: Эгерде сиз электр чайнегин колдонсоңуз, анда кайнаганга чейин аны толтура куюунун кажети жок. Азыр канча керек болсо, ошончо куюңуз. Чайнектин кубаттуулугу адатта 1,5–2 кВтты түзөт. Бул электр энергиясынын ай сайын сарпталышына чоң таасир этет. Эгерде сиз электр плитасын колдонсоңуз, анда мештин көлөмүнө туура келбеген идиштерди тандоодо 5–10% энергия жоголот, түбү ийри идиштер 40–60%га чейин ашыкча короторун билишиңиз керек. Суюктукту кайнаткандан кийин, оттуктун кубаттуулугун азайтуу зарыл.
- Кир жуучу машинаны колдонуу: Толук эмес жүктөө менен кир жуугуч машина 15%га чейин энергияны ашыкча сарптайт, ал эми туура эмес жуу режими тандалганда ашыкча чыгым 30%га чейин жетет.

- Энергияны үнөмдөөчү жарык лампалары: Коридорлордо жана ашканаларда кадимки лампаларды заманбап энергияны үнөмдөөчү (LED) лампалар менен алмаштыруу керек.
- Муздаткычты колдонууда электр энергиясын үнөмдөө: Жаңы тиричилик техникасын сатып алууда энергия натыйжалуулугу "А" классындагы категорияларды тандаңыз. Муздаткычтар батирдин эң көлөкөлүү жана салкын жерине орнотулушу керек.
- Үтүк колдонууда электр энергиясын үнөмдөө: Кирди ашыкча кургатпай үтүктөңүз. Чыгымды азайтуу үчүн үтүктөө үстөлүнүн кездемесинин астына алюминий фольга төшөп алсаңыз болот. Фольга жылуулук энергиясынын тарап кетишине жол бербейт жана аны үтүктөлүп жаткан кездемеге топтойт.
- Чаң соргучту колдонууда электр энергиясын үнөмдөө: Чаң соргучтун таштанды контейнерин бат-баттан бошотуп туруңуз. Чаң контейнери болгону 30%га толгондо да, электр энергиясын керектөө 40–50%га көбөйөт.

- Компьютер жана башка жабдууларды туура колдонуу: Эгерде сиз компьютерди узак убакытка колдонбой турган болсоңуз, аны толук өчүрүп коюу акылдуулукка жатат. Бул жабдуулардын иштөө мөөнөтүн узартат жана батирдин энергия керектөөсүн азайтат.