Бишкек, 05.07.26. /Кабар/. Ысык-Көл районунда селден кийинки кырдаалга мониторинг жүргүзүү уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-июлда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Чоң-Ак-Суу дарыясынын сол жээгиндеги Көл-Кашка жайлоосунда сел очогу активдешкен. Натыйжада суу агымы сел агымына айланып, капчыгайдын жээк бөлүгү жуулуп кеткен.

Пайда болгон сел агымы Чоң-Ак-Суу дарыясынын Саз тилкесинде нугун жарым-жартылай бөгөп, болжол менен 1–1,5 метр тереңдиктеги убактылуу көлмө пайда болгон. Учурда бул көлмөдөгү суу табигый нук менен агып чыгып жатат, кескин түрдө жырып кетүү коркунучу байкалган жок.
Мындан тышкары, Чоң-Ак-Суу дарыясынын Ак-Сай тилкесинде дарыянын нугу сол жээкке жылган. Учурда дарыя сол жээкти жана ага чектеш тоо капталын интенсивдүү түрдө жууп жаткандыктан, эрозиялык процесстер уланууда.
"Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана божомолдоо департаментинин адистери иш алып барууда. Алар жеринде изилдөө жүргүзүп, кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүдө. Кырдаал көзөмөлдө", - деп айтылат маалыматта.