Бишкек, 04.07.26. /Кабар/. Семеновка – Ак-Суу – Григорьевка унаа жолунда сел кесепети жоюлууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолду капиталдык оңдоо долбоорунун алкагында асфальт-бетон төшөө иштери 85%га аяктаган.
Бирок, акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Григорьевка капчыгайындагы дарыяда суунун деңгээли көтөрүлүп, жолдун айрым тилкелеринде жер төшөлмөсүн суу жууп кетүү коркунучу жаралды.
Учурда подряддык уюм тарабынан атайын техникалар тартылып, кырдаалды жөнгө салуу жана жолду бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо институту кошумча инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүп, жолдун коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн кошумча долбоордук чечимдерди даярдоодо.
"Бардык керектүү зарыл иштер аяктагандан кийин жаралган көйгөйлөр толугу менен жоюлуп, жолдун коопсуз жана үзгүлтүксүз пайдаланылышы камсыздалат", - деп белгилешти министрликтен.