Лев Толстой жана Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Коом Загрузка... 04 Июль 2026 13:00
жж.webp
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 04.07.26. /Кабар/. 4–5-июль күндөрү Бишкек шаарындагы Лев Толстой жана Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кесилиште жол катмарын капиталдык оңдоо иштери жүрөт.

Мэрия шаар тургундары жана конокторун алдын ала каттамдарын пландаштыруу керектигин белгилейт.