"Манас" аэропортунун жолун оңдоонун үчүнчү этабы башталды

Коом Загрузка... 05 Июль 2026 10:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 05.07.26. /Кабар/. Бишкекте "Манас" эл аралык аэропортуна барчу Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоо иштери уланууда.

Мэриядан маалымдашкандай, бүгүн, 5-июлдан тартып реконструкциялоо иштеринин үчүнчү этабы башталат. Мында Комсомольская көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки жалпы узундугу 7 чакырым болгон тилкеде иштер жүрөт.

Жол оңдоо иштери убагында көчө толугу менен жабылбайт. Унаа кыймылы үчүн жолдун бир тарабы ачык болот.

Белгилей кетсек, оңдоо иштеринин биринчи этабы 23-26-июнь күндөрү аяктап, жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол реконструкцияланды.

Экинчи этап 27-июндан 4-июлга чейин жүргүзүлүп, Фучик көчөсүнөн "Манас" эл аралык аэропортуна чейинки жол тилкесин камтыды.