Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Коргон айылындагы логистикалык борбордун курулушу аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Өкүлдүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев күн мурун аталган ишкананын даярдыгын жеринен көрдү.
Логистикалык борбор айыл өкмөттүн алдындагы муниципалдык ишкана болуп эсептелет.
Ишкананын курулушуна Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 22 млн сом бөлүнгөн.
Логистикалык борбордо бир убакта 350 тонна айыл чарба продукцияларын көп убакытка чейин сактап, экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Белгилей кетсек, Бирлик айыл аймагында жылына 5300 тонна картошка, 5800 тонна сабиз, 2000 тонна алма жыйналат.