Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай шаарында бардык мезгилге ылайыктуу жабык спорттук бассейндин курулушу уланууда.
Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, объект Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык ишканасы катары курулууда. Курулушка республикалык бюджеттен аймакты өнүктүрүү үчүн каралган 500 млн сомдун ичинен 44 млн сом бөлүнүп, ошондой эле мэриянын бюджетинен 11 млн сом каралган.
Бассейн ишке киргизилгенден кийин күн сайын 50–60 конокту кабыл ала алат. Бул жерде 10 туруктуу жумуш оруну түзүлөт. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 70%ы бүткөрүлгөн.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев курулуштун жүрүшү менен таанышып, жергиликтүү жетекчилерге каражаттын максаттуу пайдаланылышын, объекттин сапаттуу аякталышын жана эс алуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыз кылууну тапшырды.