Күч түзүмдөрүнүн арасында дзюдо боюнча чемпионат өттү

Спорт Загрузка... 07 Апрель 2026 09:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Бишкекте өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери арасында дзюдо боюнча чемпионат өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнир "Динамо" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналды.

Мелдешке 16 команда катышып, алар беш салмак категориясында күч сынашты.

Командалык эсепте биринчи орунду УКМКнын курама командасы ээледи. Экинчи орунду Ош ШИИБнин командасы алса, ал эми үчүнчү орун ИИМдин Күзөт кызматынын командасына ыйгарылды.