Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы” сынагы экинчи жолу өтөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүчү “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы” ашпозчулар сынагынын координатору Элдияр Тентимишев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, сынак биринчи жолу 2018-жылы сынамык иретинде уюштурулган.
“Быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы” сынагына 15 мамлекеттен ашпозчулар катышат. Мында 15 өлкөдөн бирден ашпозчу жардамчысы менен келгенде 30дай ашпозчу бири-бири менен таймашат. 2-5-сентябрга чейин 4 күндүн ичинде “көчмөн тамак жасоо, заманбап тамакты сунуштоо” деген концепция менен сынак өтөт, учурда кызуу даярдыктарды көрүп жатабыз. Таш үстүндө казанга тамак жасалып, калыстарга заманбап түрдө сунушташат. Калыстар тобу бул ашпозчулардын эмгегин баалап, эң кыйынын тандап алат”,- деди Тентимишев.
Маалым болгондой, “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы” ашпозчулар сынагында 3 түрлүү тамак жасалат.
“Сынакта улуттук тамактардан регламент боюнча 3 түрлүү тамак жасалат. Биринчи күнү быжы, экинчи күнү курдак даярдашат. Ал эми үчүнчү күнү жарым финалга тамакты купуя кылып даярдап жатабыз. Мында ар бир ашпозчуга кутуга салынган бирдей курамда азык-түлүктөр берилет. Ашпозчу ошол азыктардан өз фантазиясына жараша өзү каалаган тамакты жасайт”,- дейт ал.
Белгилей кетсек, сынакка Канада, Англия, Молдова, Түркия, Сауд Аравия, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Монголия, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген ашпозчулар катышат.