Кыргызстан менен Өзбекстан Көчмөндөр оюндарына даярдыкты талкуулады

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 10 Июль 2026 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Күн мурун Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев Өзбекстандын спорт министринин кеңешчиси Шарифжон Муминджанов баштаган делегация менен жолукту.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууга эки өлкөнүн спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана эл аралык спорттук иш-чаралардагы өз ара кызматташтык маселелери талкууланды.

Ошондой эле 1-6-сентябрда Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштери талкууланды. Тараптар Өзбекстандын улуттук курама командасынын оюндарга катышуусуна байланыштуу уюштуруу маселелери боюнча пикир алышты.

Урмат Асанбаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү алкагында Өзбекстан тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, мындай кызматташтык эки өлкөнүн спорттук байланыштарын чыңдоого жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык деңгээлде ийгиликтүү өтүшүнө чоң салым кошорун белгиледи.

Өз кезегинде Шарифжон Муминджанов Өзбекстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга кызыкдар экенин белгилеп, оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүүгө багытталган кызматташтык мындан ары да улантыларын билдирди.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өтүп, тараптар алдыдагы биргелешкен иштер боюнча макулдашты.