Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков бүгүн эртең менен чет өлкөлүк сапарынан кайтып келери менен дароо жумушуна киришти.
Ведомство башчысы өзүнүн иш графиги кандай өтөрүн көрсөтүү максатында "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында күндү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге өткөрдү.
Министрдин айтымында, эртең менен эле учуп келгенине карабастан, жумуш процессине дароо аралашууга туура келген.
"Эртең менен учуп келдим, уйкум келип жаткан, бирок азыр уйкум ачылып кетти. Учурда Токмок шаарынан "Кабар" агенттигине подкастка баруу үчүн жолго чыгып жатабыз, андан кийин видеоконференциям бар. Андан соң кесиптештер жумуш убактысы боюнча маселелер менен келишет. Балким, кечки саат 21:00-22:00гө чейин иштейбиз", - деди Бакыт Сыдыков.
"Кабар" агенттигинин журналисттеринин "Жумуш менен үй-бүлөнүн ортосундагы тең салмактуулукту кантип сактайсыз?" деген суроосуна министр мындай тең салмактуулуктун негизи — жакындарынын колдоосу экенин белгиледи.
"Убактымдын көбү жумушка кетет, бирок мүмкүнчүлүк болору менен үй-бүлөмө да көңүл бурууга аракет кылам", - деди ал.
Белгилей кетсек, "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоору мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган жана журналисттерге жетекчилердин, ага караштуу мекемелердин иш процессине түз эфир (реалдуу убакыт) режиминде байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.